Мамлекеттик геология агенттигинин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев камакка алынды

Мамлекеттик геология агенттигинин экс-директору жана мурунку экономиканы өнүктүрүү министри Учкун Ташбаев 30-ноябрда «Кыргызалтын» концерниндеги мыйзам бузуулар боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында кармалды. Экс-чиновник УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот. Геология агентиндегилер комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти башкарып турган кезде «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» жана «лицензиялык иштерди аткарууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланган» деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тергөөнүн сыры деп, мурунку чиновник шектелип жаткан айыптоолордун чоо-жайын түшүндүрүүдөн баш тартты.

Атайын кызматтагылар таркаткан билдирүүгө ылайык, Ташбаев «Кыргызалтын» концернинин өкүлчүлүгүндөгү «уурдоолор» боюнча сегиз кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берененин 1-бөлүмү менен каралган (лицензиялык иштерди аткарууда кызматтык абалдарын мыйзамсыз пайдалануу)боюнча айып тагылды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Геология агенттигинин басма сөз катчысы Ташбаев жетекчи болуп турганда ал жерде иштебегендигин айтып, экс-чиновниктин кармалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-басма сөз катчысы Касиет Карачолокова өзүнүн мурунку жетекчисин жакшы мүнөздөп көрсөттү. Анын айтымында, лицензия берүү боюнча комиссиянын жыйындарынын бардыгы тең ачык өтүп, видеотасмага тартылып турчу.

«Анын убагында көп нерселер жасалды, алардын бардыгы жогорку деңгээлде аткарылып мекеменин кызматкерлери тарабынан гана эмес анын таасиринен көз карандысыз болгон талдоочулар тарабынан да жогорку деңгээлде бааланган.[...] Ал кезде эч кандай алдамчылык тууралуу сөз болгон эмес», — деди Карачолокова.

Ташбаевдин жактоочусу катары Икрамидин Айткулов чыгып жатат. Ал Kloop.kgге берген маегинде азырынча ал Ташбаевди ишинин материалдары менен тааныша электигин жана анын кармалышы боюнча комментарий бере албастыгын айтты.

Ташбаевдин мурункусу

Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп 2012-жылдын январынан бери иштеп келе жаткан.

Бул кызматка аны ал кезде министрлер кабинетинин башчысы болуп турган Өмүрбек Бабанов лидерлик кылган парламенттик «Республика» фракциясы сунуштаган.

Парламенттик коалиция таркап, Бабанов премьер-министрликтен кеткен соң Ташбаев мамлекеттик агенттиктин башчылыгы кызматынан ажыраган.

Оппозициялык «Республика» партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев азырынча алар иштин майда-чүйдөсүн билбестигин жана Ташбаевдин кармалышы боюнча кийинчерээк комментарий бере тургандыктарын Kloop.kg айтты.

Ташбаев ошондой эле мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын катарына кирген. Ал Максим менен Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте бирге иштеген.

Автор: Зарема Султанбекова