«Кыргызгаз»: Бишкекте газ берүү калыбына келтирилди

Борбордун жашоочуларынын үйлөрүнө көгүлтүр от берүү толугу менен калыбына келтирилди, деп билдирди «Кыргызгаздын» басма сөз кызматы. Газ берүүнү токтотуу 24-ноябрда башталган, ага Казакстандын алдындагы карыз себеп болгон.

Жалпы Бишкек боюнча көгүлтүр от 4-декабрда пайда болду, деп жазылган «Кыргызгаздын» сайтында — Газ чарбасынын Бишкек шаардык башкармалыгы боюнча газдын колдонулушу саатына 30 миң куб метрди түзөт.

Буга чейин «Кыргызгаздын» башкы директору Тургунбек Кулмурзаев Бишкекке газ берүү декабрдын башында толугу менен калыбына келтирилээрин айтып, ал көгүлтүр отун борбор үчүн бир айга жетет деп убада берген.

«Жалпысынан Казахстан менен Өзбекстандан 45 млн куб газ келет, ал декабрь айына толугу менен жетет», – деген анда Кулмурзаев.

24-ноябрдан баштап борбордун Биринчи май району, Пригородный, Маевка айылдары, «Дордой» базарынын жанындагы булгаары заводунун айланасы, ошондой эле Кант жана Токмок шаарлары көгүлтүр отсуз калышкан, ага негизги түтүктөгү газ басымынын төмөндөшү жана Казакстандын алдындагы карыз себеп болгон.

27-ноябрда көгүлтүр от берүү Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү Ганди, Фере, Щербаков, Васильев, Можайск жана Саадаев көчөлөрүндө калыбына келтирилип баштаган.

Газ берүү башка колдонуучулардын түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөтүлүшүнүн эсебинен калыбына келтирген.

Кыргызстандын казак жана өзбек камсыз кылып туруучуларынын алдындагы карызы эки жарым миллион АКШ долларынан ашык сумманы түзөт.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: stevendepolo