Мектеп окуучусу колуна кишен салынган бойдон төрт саат суракка алынган

Милициянын Базар-Коргон райондук бөлүмүндө ата-энесинин катышуусусуз он беш жаштагы 9-класстын окуучусу суракка алынган. Укук коргоочу жашы жете элек өспүрүмдү суракка алуу анын ата-энеси менен жактоочусунун катышуусунда өтүшү керектигин айтты. Милиция баланын качып кетүү коркунучу бар болгондугун жана ал аргасыз колдонулган чара экендигин айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Сурак Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперативдүү кызматкеринин иш бөлмөсүндө жүргүзүгөн.

«Анын кармалгандыгы тууралуу протокол түзүлгөн эмес, ошондой эле анын алынып келингендиги тууралуу маалымат райондук ИИБсинин каттоолорду эсептөө журналында жок болгон», — деп жазылган Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Бул факт көзөмөлдөө органынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусундагы милиция бөлүмдөрүн капыстан текшерүү маалында аныкталган. Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын башчысынын атына сунуштама киргизилди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү Эрнис Осмонбаев базар-коргондук милиция кызматкерлери тарабынан колдонулган чара аргасыздан колдонулгандыгын Kloop.kgге айтты. Айтымында, баланы буга чейин да кармашкан, бирок ал качып кеткен.

«Ал буга чейин да кармалган, бирок качып кеткен. Анан аны эки күн бою кайрадан кармашкан. [...]Сурак учурунда анын класс жетекчисин чакырышкан. [...] Ушундай негизги аракеттердин бардыгы сакталган», — деди Осмонбаев.

Юрист Нурбек Токтакунов түшүндүргөндөй, сурак жүргүзүү учурунда анын колундагы кишен чечилип коюлушу керек болчу.

Ошондой эле Токтакуновдун айтымында, суракка алуу учурунда мугалиминин гана катышуусу жетишсиз, андан сырткары анын мыйзамдуу өкүлү - ата-энесинин бири же жактоочусу катышышы керек.

Автор: Зарема Султанбекова