Ташиевдин жактоочусу психатриалдык экспертизаны кайрадан өткөрүүнү суранууда

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган депутатка кайрадан психо-психатриалдык экспертиза белгилөөнү талап кылып жатат. Азырынча жактоочунун бул өтүнүчү боюнча Башкы прокуратура комментарий бере элек.

Айткулов буга чейинки өткөрүлгөн экспертизанын жыйыныктарын «объективсиз» жана «жалган» деп эсептеп жатат. Анын пикиринде, ал жыйынтык мыйзам бузуулар менен чыгарылган.

Жактоочунун айтымында, Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, экспертиза курамында бир нече психолог жана психиатрлар бар атайын комиссия тарабынан өткөрүлүшү керек болчу.

Бирок, Айткулов далилдөөгө аракет кылып жаткандай, ал экспертизанын комиссиясында үч психиатр менен бир гана психолог болгон.

«Комплекстүү экспертизанын жыйынтыгында кайсы изилдөөнү кандай көлөмдө ким өткөргөндүгү жана анын кандай жыйынтыкка келгендиги так көрсөтүлүшү керек болчу. Алардын ар бири өз жыйынтыктарынын алдына кол койбостон жалпы жыйынтыктын алдына кол коюп коюшкан. Анда ким кандай изилдөөлөрдү өткөргөндүгү так көрсөтүлгөн эмес», – деди жактоочу.

Ал эксперттерди Саламаттык сактоо министрлиги аныкташы керектигин айтып, текшерүүнүн мекеме жетекчилиги тарабынан белгиленишин талап кылууда. Айткулов кайрадан текшерүү жүргүзө турган комиссиянын курамы менен Ташиев экөөнүн алдын ала тааныштырылышын каалап жатат.

Буга чейин жактоочу өткөрүлгөн экспертизанын максаты — коомдук жана саясий ишмер катары Ташиевди жаман көрсөтүп, анын кадырын кетирүү экендигин билдирип чыккан.

«Камакка алуу чечими буйрутма экендиги көрүнүп турат. Мисалы, анда Ташиев саясаттан кетүүнү көздөп жаткандыгы жана Орусияга чыгып кетүүнү каалап жатат деп жазылган. Негизи эле камакка алуу чечими ага карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонууга жол бере тургандай кылып түзүлгөн», — деген Ташиевдин жактоочусу.

Биринчи экспертизаны белгилеген Башкы прокуратура комментарий бере алган жок. Басма сөз кызматы кийинчерээк байланышып көрүүнү суранды.

Башкы прокуратура ноябрь айынын аягында аталган экспертизанын белгиленишине жана өткөрүлүшүнө Айткуловдун макул болгондугу жазылган пресс-релиз тараткан.

«Ошол эле Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага арыз берген, анда ал Башкы прокуратурага эч кандай дооматтары жок экендиги жана аталган экспертизаны белгилөөдө жана өткөрүүдө айыпталып жаткан Камчыбек Ташиевдин укуктары менен кызыкчылыктары бузулбагандыгы жазылган», – деп жазылган көзөмөлдөө органынын сайтында.

Аталган экспертизаны өткөргөн психо-неврологиялык диспансер комментарий берүүдөн баш тартты.

Ташиев бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармалган.

Анда нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок өз дарегине айтылып жаткан айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды