Жактоочу Айткулов Ташбаевдин баш коргоо чарасы боюнча сотко даттануу арызын жолдоду

Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку төрагасы Учкун Ташбаевдин жактоочусу саясатчыны эки айга камакка алуу чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануу арызын жолдоду — Ташбаев 30-ноябрда «Кыргызалтын» алтын өндүрүү концерниндеги мыйзам бузуулар боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында кармалган. Жактоочу тарап айыптоолордун бардыгын негизсиз деп эсептөөдө.

Ташбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган экс-чиновниктин баш коргоо чарасын камакка алуудан башкага өзгөртүп берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды — Биринчи май райондук соту Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысын 2013-жылдын 30-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ташбаевди алтын өндүрүүчү компаниялардын бири мамгеологиянын алдындагы өз милдеттенмелерин аткара албай калгандан кийин анын лицензиясын чакырып алган эмес деп айыптап жатышат, деп түшүндүрдү Айткулов Kloop.kgге.

Жактоочу белгилегендей, мекемелер аралык комиссия ал компанияга милдеттенмелерин кечирээк мөөнөттө аткарууга уруксат берген, ошондуктан Ташбаев ал компаниянын лицензиясын чакырып албашы керек болчу.

«Мен Ташбаев менен сүйлөштүм, биринчи караганда бул толугу менен негизсиз айыптоо катары көрүнүүдө», — деди Айткулов.

Айткулов Kloop.kgге берген маегинде Ташбаевдин кармалышы аны бул кызматка сунуштаган оппозициялык «Республика» партиясына жасалган басым экендигин көрсөтүп жатат, деп билдирди.

УКМК Ташбаевди 30-ноябрда кармаган — ага«кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» жана «лицензиялык иштерди аткарууда кызмат абалын мыйзамсыз колдонгон» деген айыптар тагылган.

Атайын кызматтагылар таркаткан билдирүүгө ылайык, Ташбаев «Кыргызалтын» концернинин өкүлчүлүгүндөгү «уурдоолор» боюнча жүргүзүлүп жаткан сегиз кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берененин 1-бөлүмү менен каралган (лицензиялык иштерди аткарууда кызматтык абалдарын мыйзамсыз колдонуу)боюнча айып тагылды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

«Республиканын» кишиси

Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп 2012-жылдын январында дайындалган.

Бул кызматка аны ал кезде министрлер кабинетинин башчысы болуп турган Өмүрбек Бабанов лидерлик кылган парламенттик «Республика» фракциясы сунуштаган.

Парламенттик коалиция таркап, Бабанов премьер-министрликтен кеткен соң Ташбаев мамлекеттик агенттиктин башчысы кызматынан ажыраган.

Ташбаев ошондой эле мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын катарына кирген. Ал Максим менен Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте бирге иштеген.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт kabar.kg сайтынан алынды