Журналист Саиповдун сабалгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция депутат Өмүрбек Текебаевдин иниси менен өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун мушташы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Укук коргоочулардын айтымдарында, саясатчынын тууганы журналистке «кол салып» аны арматура менен «сабап салган».

Кылмыш иши «бейбаштык» беренеси боюнча козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, саясатчынын аталаш иниси Азамат Текебаев беш жыл мурун өлтүрүлгөн Алишер Саиповдун иниси Шохрух Саиповго кол салбагандыгын жана ал жөн гана эки тараптын мушташы болгондугун айтып жатат.

«Тергөө иштери башталды. Учурда эки тарап тең көрсөтмө берип жатат. Азыр 1991чи жана 1990-жылы туулган эки бала кармалды. Бирок аларды камоо маселеси азырынча ачык бойдон калууда», — деди басма сөз катчы.

Этникалык өзбек Шохрух Саипов «Вечерний Бишкек» гезитине берген маегинде аны улутуна карап сабап кетишкендигин айткан.

«Мунун бардыгы улуттар аралык жек көрүүчүлүктөн келип чыкты. Алар биздин кичүү инибизди мазактап, кемсинтишти. Ал болсо «Келгиле, жакшынакай эле жашайлы, дос бололу», деп жооп берип, кетип калган. Бир аздан кийин алар арматураларды алып алышып үйгө келишти», — деди Саипов.

Шохрух Саиповго кол салуу Бишкек шаарындагы Геология көчөсүндө 2-декабрда болгон, деди окуя боюнча биринчи болуп билдирип чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

«Төрт кишиден турган топко төрт бала кол салган. Кол салагандарда бир метрден узунураак арматура темирлери болгон, алар менен берки топтогуларды токмоктошкон. Алардын денелери көгөргөн, бирөөсү санынан жараат алган», — деди Абдирасулова.

Анын версиясы боюнча, кол салгандардын арасында депутат жана парламенттин мурунку төрагасы Өмүрбек Текебаевдин Азамат аттуу аталаш иниси да болгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев балдардын ортосундагы мушташ кечки саат тогуздарда, Бишкектин Октябрь районундагы дүкөндө башталгандыгын айтты. Ал кол салууга Текебаевдин иниси дагы шектелип жаткандыгын ырастады.

Саиповдун экинчи жолу сабалышы

«Газета Дайджест» басылмасынын негиздөөчүсү Шохрух Саиповду белгисиз адамдар 2011-жылдын августунда дагы Ош аэропортунда сабап кетишкен.

Саиповдун улуу агасы Алишер 2007-жылдын октябрында тапанчадан атылган үч октон улам көз жумган, анда ал 26 жашта болгон. Ал «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында кабарчы болуп иштеген жана Кыргызстанда «Фергана.ру» маалымат агенттиги менен кызматташкан.

Туугандарынын шектөөлөрү боюнча, ал саясий мотив менен өлтүрүлгөн.

2010-жылдын майында Алишер Саиповдун өлүмүнө милициянын мурунку кызматкери Абдулфарит Расулов айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, каза болгон журналисттин атасы кылмыш болгон учурда Расулов ал жерден 400 чакырым алыстыкта болгондугун аныктап чыккан.

Кыргызстандагы белгилүү журналисттин өлүмү боюнча соттук процесс 2012-жылдын октябрында кайрадан улантылган.

Шохрух Саипов 2011-жылдын жаз жана жай айларында Kloop.kgнин өзбек версиясында редактор болуп иштеген.

Автор: Хлоя Гейна