Кар көчкүсүнөн улам Каракол-Эңилчек унаа жолу жабылды

Кар көчкүсүнөн улам Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы унаа жолу 4-декабрдан бери жабык, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Учурда жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Басма сөз катчы Анара Мамбеталиева Kloop.kgге берген маегинде кар көчкүсү жолго 11 саат мурун түшкөндүгүн билдирди.

«Кар көчкүсү 150 миң куб метр көлөмдө түшкөн. Учурда жол унаалардын өтүүсү үчүн жабык, алар токтоп турушат», – деди Мамбеталиева.

Унаа жолдун 75чи жана 90-чакырымынын аралыгы тосулуп калды, деп кошумчалады басма сөз катчы.

Ал андагы тыгында канча унаа тургандыгын жана жол качан ачылаарын билбейм деди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун башчысы Муханбет Сваров көчкү кардын көп жаагандыгынан улам түшкөндүгүн Kloop.kgге билдирди.

«Ал жердеги кар бир метрден башталат. Эртең менен ал жактагы кырдаалды байкап, тазалоо үчүн ыкчам топ чыгып кеткен, бирок азырынча алар менен байланыш жок», – деди Сваров.

Ал унаа тыгынында канча адам калып калгандыгын билбейт.

«Унаалар токтоп турат, жолдун бул жеринде кардын көп болоорун билгендиктен адамдар түшүнүү менен мамиле кылууда. Алар күтүп жатышат, трасса жол кызматы тарабынан тазаланууда», – деди Сваров.

Ал жолдо унаа өтө эле аз - саатына 1-2си гана өткөндүктөр тыгындагы унаалардын саны аз экендигин айтып, жол унаалардын өтүүсү үчүн качан ачылаарын билбейм деп кошумчалады.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли