Караколдун тергөө абагында ачкачылык жарыялагандардын саны азайды

Каракол шаарындагы №23 тергөө абагындагы ачкачылык акциясына катышып жаткандардын 14ү ачкачылыктарын токтотту, деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы. Бирок укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, ачкачылык кармап жаткандардын саны тескерисинче, 79дан 90го чейин жогорулап кеткен.

№23 тергөө абагында ачкачылык акциясына катышып жаткандардын саны 79дан 65ке чейин төмөндөдү, деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге.

Ал абактагы кырдаалды «туруктуу» деп баалап, Караколго Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынан атайын адистер менен акйыкатчы институтунан кызматкерлери чыгып кетишкендигин билдирди — айтымында, алар камактагылардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

«Кырдаал туруктуу. [...] Ачкачылык акциясы уланууда, ачкачылык кармап жаткандардын саны 65ке чейин төмөндөдү [...] Кырдаал тергөө абагынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө», — деди басма сөз катчы.

Бирок «Вентус» укук коргоо уюмунун жетекчиси Камиль Рузиев башка маалыматтарды келтирди — анын айтымында, ал камактагылар менен жолуккан жана алар №23 тергөө абагындагы 97 кишинин 90ну ачкачылык акциясына катышып жаткандыгын айтышкан.

«Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Болот Абдиевдин айтымында, ачкачылык жарыялагандардын саны 74. Бирок мен камактагылар менен байланыштым, алар маалыматтын туура эместигин билдиришип, ачкачылык акциясына катышып жаткандардын саны 90дун тегерегинде экендигин айтышты. [...] Акыйкатчынын өкүлүнүн айтымында, ачкачылык кармап жаткандардын арасында бир аял бар», — деди Рузиев.

Ал абактагы кырдаал «туруктуу» деп эсептейт.

Рузиевдин айтымында, камактагылар бүгүн тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолор боюнча Кыргызстандын президентине даттанып кайрылууну көздөп жатышат.

№23 тергөө абагында камакта жаткандардын 79у 4-декабрь күнү эртең менен тамак ичүүдөн баш тартышкан.

«Камактагылар кээ бир камералар менен эшиктердеги кичинекей терезелердин ар дайым ачык турушун каалап жатышат, ошондой эле кээ бир камактагылардын абак ичинде эркин жылып жүрүүсүнө мүмкүндүк берүүнү талап кылып жатышат», — деп жазылган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө.

Бирок Рузиев Kloop.kgге башкача версияны айтты — анын маалыматтары боюнча, камактагылар тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп, орой мамиле жасалып жаткандыгына даттанып жатышат.

«Алар тергөө абагынын кызматкерлери менен жетекчилиги тарабынан катаал мамилелер болуп жаткандыгын айтып, даттанышууда. Кээ бирлери аларды сабап, кыйноого алгандыктарын айтып жатышат. [...] Алар сабалгандыктарын жана ага абактын жетекчисинин орун басарынын тиешеси бардыгын айтып жатышат», — деди Рузиев Kloop.kgге берген маегинде.

Бир жыл мурун Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камактагылар да козголоң уюштурушкан — анда алар камералардагы тинтүүлөрдү токтотууну талап кылып, айнектерди сындырып, кружкалар менен темир тосмолорду ургулашкан.

Кийинчерээк камактагылар кыйноолорго нааразычылыктарын билдиришип ооздорун тигип алышкан. Анда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп турган Шейшенбек Байзаков камактагылардын айткандарын четке каккан.

Автор: Зарема Султанбекова