Укук коргоочулар Бишкек шаарынын башкы планын ачыкка чыгарууну талап кылып мэрия менен соттошуусун улантып жатат. Алар жергиликтүү бийлик тыюу салуу менен жарандардын маалымат алууга болгон укуктарын бузуп жатат деп эсептешүүдө. Мэрия ал маалыматтардын жашыруундугу жөнүндө жазылган өкмөттүн токтомуна таянууда.
Укук коргоочулар мамлекеттин эмне себептен шаардык курулуштун башкы планы жөнүндөгү маалыматты жашыруун кылып койгондугун түшүнбөй жатышат. Айтымдарында, алар бул боюнча мэрияга сентябрда сурам жиберишкен, бирок шаар бийлигинин жообунда маалыматтын жашыруундугунун себептери түшүндүрүлгөн эмес.
«Жоопто суралган мамлекеттик сырлар же жашыруун маалыматтарга байланыштуу кандайдыр бир аргументация жок», – деп жазылган укук коргоочу «Прецедент» өнөктөштүк тобунун сайтында.
Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Аралбаев Бишкек шаарынын башкы планы өкмөттүн токтому боюнча жашыруун болуп эсептелээрин жана ал документ жалпыга жарыяланбашы керектигин Kloop.kgге билдирди.
«Башкы план жалпыга таркатууга болбогон маалыматтардын катарына кирет, тактап айтканда, ал чектелген маалымат болуп эсептелет», – деп билдирди мэрия.
Аралбаев документтин жашыруундугу тууралуу токтомдун кагазын көрсөтө алган жок.
Мэриянын өкүлү соттун 4-декабрдагы отурумунда да башкы план жалпыга жарыяланбашы керектиги жөнүндө жазылган документти көрсөтө алган эмес.
Соттун жыйыны мэриянын өкүлүнүн өтүнүчү менен кийинкиге жылдырылды – ал укук коргоочулардын доо арызы менен таанышуу үчүн убакыт сураган. Бул иш боюнча сот жыйыны 11-декабрда уланат.
Башкы план — бул калк жашай турган имараттардын курулушун ишке ашыра турган документ. Ал шаардын стратегиялык өнүгүүсү менен шаар курулушундагы иштердин планын аныктайт.
Автор: Эльдос Казыбеков