Милиция июнь окуяларындагы башаламандыкка айыпталып жаткан адамды «сабаган»

2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон башаламандыктарга айыпталып жаткан адам милиция кызматкерлери тарабынан «сабалгандыгын» айтып даттанууда. Анын иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан тергөөчү «кыйноого алуу» боюнча айтылган маалыматтарды четке кагып жатат.

2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылыш учурунда адам өлтүргөн жана талап-тоноочулукка катышкан деп айыпталып жаткан Фариз Алиевдин жактоочусу Татьяна Томина ал жактоого алган адамдын денесинен уруп-сабоолордун тактарын көргөндүгүн айтты.

«Анын денесинин ар кайсы жериндеги кан шишиктерин өз көзүм менен көргөм. Аны тергөө абагына алып келгенге чейин денесинде андай тактар жок болгондугун мага фельдшер айтпадыбы», – деди Томина.

Айтымында, Алиев ага Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «сабагалгандыгын» билдирген.

«Аны суракка алуу үчүн тергөөчү Бакыт Токоев ыкчам топтун эки кызматкери менен аймактар аралык башкармалыктын имаратына алып кетишкен. Ал эки кызматкер унаадан эле Фаризди сабап башташкан. Анын бардыгын тергөөчү Токоев көрүп турган», — деп айткан Томина.

Жактоочу Алиевдин сабалгандыгын күбөлөндүрүү үчүн №5 тергөө абагынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысынан медициналык текшерүү өткөрүп берүүнү өтүнгөн, бирок анын бул өтүнүчү дагы деле канааттандырыла элек.

Ал милиция кызматкерлерине даттанып Башкы прокуратурага даттануу арызын жазган, бирок жооп алган эмес. Тергөөчү Токоев «кыйноого алуу» боюнча айтылган маалыматтарды четке кагып, Алиевди эч ким сабагандыгын айтууда.

«Бул боюнча облустук прокуратура текшерүү жүргүзүп жатат. Алардан сурап көрсөңөр болот, эч нерсе аныкталган жок. Эмнеге сабамак элек? Ал айыпталып жаткан кылмыштар боюнча толук далил бар да», — деп билдирди тергөөчү.

Алиев Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда болгон «массалык башаламандыкка катышкан» жана «адам өлтүргөн» деп айыпталып жатат. Ал өткөн жылдын 4-декабрында Орусияда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Ал үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында Ош шаарынын тергөө абагына камалган.

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, андагы массалык башаламандыкка катышкан деген айып менен 271 киши камакка алынган. Алардын 230у этникалык өзбектер жана 29у кыргыздар болгон.

Автор: Евгений Погребняк

Редактор: Александра Ли