Мотуев кыз зордуктады деген шек менен кармалды

«Кыргызстандын мусулмандар жамаатынын» лидери Нурлан Мотуев Бишкектин шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды — ал 21 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүлө. ШИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Мотуев көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Мотуевге даттанып 4-декабрда Свердлов райондук милициясына арыз менен кайрылган, деп билдирди ШИИБнин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева Kloop.kgге.

«Арыздануучунун айткандары боюнча, алар [Мотуев менен] 10 күн мурун кафеден таанышып, сүйлөшүп башташкан. Кийин 4-декабрда аны үйүнө чакырып, зодуктаган», — деди Давлетбаева.

Мотуев убактылуу кармоочу жайга камалды.

Давлетбаева шектүү катары кармалган адам көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткандыгын айтты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мотуевдин телефону өчүрүлгөн болууда.

«Көмүр падышасы»

Нурлан Мотуев 2005-жылдагы «март революциясынан» кийин тарапташтары менен бирге Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенин басып алгандыгы менен белгилүү.

Облустук, райондук администрация башчылары, милиция, прокуратура жетекчилери баш болгон жергиликтүү бийлик анын көмүрдү мыйзамсыз казып алуусуна тыюу салып, салыктар менен социалдык төлөмдөрдү төлөтүүгө мажбурлай алышкан эмес.

Кенге бир нече ай ээлик кылып тургандан кийин, 2006-жылы Мотуев камакка алынган. Жарым жылдан кийин ага кылмыштуу иштердин 14 эпизоду боюнча айып тагылган, алардын арасында 32 млн сомдук көмүрдү уурдоо иши дагы болгон.

2009-жылы белгилүү аймактан чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы аяктагандан кийин Мотуев Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон.

Мотуев — жарым жылдын ичинде зордуктоого шектелип кармалган биринчи активист эмес.

«Ынтымак» жаштар кыймылынын төрагасы Адил Назаров августтун ортосунда кармалган — ал балдарын багып берип жаткан жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелген.

Автор: Зарема Султанбекова