Олимпиадалык балбан кыз Тыныбекова төрт жылга соттолушу мүмкүн

Олимпиада-2012нин катышуучусу Айсулуу Тыныбекованын иши боюнча сот отуруму өкүм чыгара турган акыркы стадиясына жетти. Мамлекеттик айыптоочу кызды «сабагандыгы» үчүн спортчу кыздарды төрт жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Жактоочу тарап эркинен ажыратуудан башка жазаны сурап жатат. Өкүм 6-декабрда чыгарылат.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Розалия Тилегеновалар жашы жете элек кызды «сабаган» деп айыпталып жатышат. Мамлекеттик айыптоочу Тыныбекованы төрт жылга эркинен ажыратууну, ал эми Тилегенованы шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.

Жабыр тарткан кыздын апасы Нуриля Кочкорбаева спортчуларды «аларга сабак болсун» деп сотко бергендигин Kloop.kgге билдирди.

«Сот кандай гана өкүм чыгарбасын ал кыздар үчүн сабак болушу керек деп эсептейм. Анткени андай жүрүш-туруш жарабайт», — деди Кочкорбаева.

Сот жообуна тартылып жаткан кыздардын жактоочусу Тимур Жалеев прокурордун талабын өтө эле «катаал» деп эсептейт — ал Тилегенованы актап, Тыныбекованы эркинен ажыратпоону сурап жатат. Жактоочу ал «болгону жөнөкөй мушташ» жана ага «жөнөкөйүүрөк» мамиле кылуу керек деп эсептейт.

«Алардын[спортчулардын] ачууланганын түшүнсө болот. Мен алардын спортчу экендигин, алар коргонгондугун түшүнүп жатам. Бирок алар коргонуп жатып денеге зыян келтирип алуулары мүмкүн болчу. Негизи реалдуу көз караш менен карасак, жабыр тарткан тараптан мушташка көп киши катышкан», — деди жактоочу.

Тилегенова күнөөсүн моюнуна алып жатат, бирок ал жабыр тарткандардын да күнөөлөрү бар деп билдирүүдө.

«Эч качан бир гана тарап күнөөлүү болбойт. Мен эки тараптын тең күнөөсү болгон деп ойлойм», – деди ал.

Судья балбан кыздарга 6-декабрда өкүм чыгарат.

Бул мушташтын айынан Тыныбекова Олимпиада-2012ге барбай кала жаздаган, бирок сот мелдешке барып келүүгө уруксат берген.

Аны америкалык «Таймс» журналы «көңүл бурууга татыктуу» олимпиада спортчуларынын рейтингиндеги 50 спортчунун катарына киргизип, Кыргызстандын алтын медалга болгон негизги үмүтү деп атаган. Бирок балбан кыз мелдештеги биринчи беттешинде эле жеңилип калган.

«Агрессивдүү реакция»

Тергөөнүн маалыматы боюнча 3-апрелде Тыныбекова күрөш боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Розалия Тилегенова менен бирге 17 жаштагы кызды Кыргыз улуттук филармониясынан алыс эмес жерден «сабап» салышкан.

Нурдин кызы курбулары менен филармониянын жанындагы жер төлөөдөн өтүп баратып Тыныбековадан «өтүп кетейинчи» деп сурангандыгын айткан.

«Мен өтүп кетсем болобу деп сурап колум менен акырын тийип алгам. Ал буга агрессивдүү реакция жасап, нааразы болуп кыйкыра баштады», – деген Нурдин кызы.

Айтымында, андан кийин Тыныбекова аны колунан алып, жер төлөөдөн чыгарып Тилегенова экөө биригип «сабап» салышкан.

«Бир группалаш курбум жардам берүүгө аракет кылды, бирок колунан келбей койду. Калганы жер төлөөдөн чыгып келгенге үлгүрүп, дең-дароо болуп карап гана калышты», — деп эскерет Нурдин кызы.

Кыздын апасы Нурия Кочкорбаева «сабалгандан» кийин кызынын мурду сынып, баш сөөгү чайкалып 10 күн ооруканада жаткандыгын айткан.

Балбан кыздын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун айтымында, анын тарбиялануучусу Нурдин кызын «сабаган эмес», жөн гана жаакка чаап койгон.

«Ал жерде чатак чыгып кеткен. Сөзмө сөз айтканда, кимдир бирөө башка бирөөнү түртүп кеткен, анан ал жооп берген. Кыздардын айткандары боюнча, ал 10-15 секундка гана созулган», – деди Изабеков.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли