Жалал-Абадда мыйзамсыз көмүр казган беш шахтёр каза болду

Жергиликтүү тургундар тарабынан Жалал-Абад облусунун Маркай айылындагы шахтадан беш кишинин денеси табылды, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Мекеменин маалыматы боюнча, анда алар «мыйзамсыз» көмүр казып жатышкан.

Көмүр казуучулардын беши газдан ууланып калышкан, деп кабарлады ӨКМ.

Министрлик буга чейин алар урандылардын алдында көмүлүп калгандыгын билдирген.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, каза болгондордун өздүгү аныкталып, денелери туугандарына өткөрүлүп берилди.

Каза болгондордун тизмеси:

  • Уркумбаев К., 1990-жылы туулган, Сузак районунун Макрай айылынын жашоочусу;
  • Матиев Ж. 1962-жылы туулган, Сузак районунун Макрай айылынын жашоочусу;
  • Токтогулов А. 1976-жылы туулган, Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылынын жашоочусу;
  • Салиев К. 1976-жылы туулган, Сузак районунун Ак-Тоок айылынын жашоочусу;
  • Салиев Э. 1996-жылы туулган, Сузак районунун Ак-Тоок айылынын жашоочусу.

Kloop.kg азырынча каза болгон адамдардын туугандары менен байланыша алган жок.

Бул уруксатсыз көмүр казуучулар Жалал-Абад облусундагы шахталардан каза болгон биринчи окуя эмес.

Куткаруучулар үстүбүздөгү жылдын август айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Тегене айылындагы таш урандыларынын астынан 47 жаштагы кишинин денесин алып чыккан.

«Ал жерде союз маалында иштетилип, азыр болсо кирешесиз болуп иштебей калган шахтылар көп да. Анда «сталкер» деп аталган уруксатсыз көмүр казгандар иштейт», — деген анда ӨКМдин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Мухаммед Сваров Kloop.kgге.

Жалал-Абад облусундагы окуя менен катар эле Баткен облусунун Кадамжай районундагы шахталардын биринен дагы бир киши жоголуп кеткен.

Валакуш айылынын жашоочусу Сатар Каимов 2-декабрда көмүр казуу үчүн Тегирмеч шахтасына кетип ошол бойдон кайрылып келген эмес. ӨКМдин куткаруучулары аны издеп жатышат, бирок издөө иштери азырынча эч кандай жыйынтык бере элек.

ӨКМ Каимовдун көмүр казууга уруксаты бар экендиги жөнүндө билдирбей эле.

Автор: Зарема Султанбекова