Депутат Айтматова «тажап кеткендиктен» твиттер-эккаунтун өчүрүп салды

Эл өкүлү Ширин Айтматова Kloop.kgге берген маегинде «тажап кеткендиктен» микроблогдук Twitter платформасындагы өз эккаунтун өчүрүп салгандыгын айтты.

Социалдык түйүндө @thelostroom деген ат менен белгилүү кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кызы 5-декабрдан баштап өз эккаунтун жүргүзбөй калды. Ал мындай чечимди «Ата Мекен» партиясынан чыгуу ниетин билдиргенден көп өтпөй кабыл алды.

Айтматова Kloop.kgнин кабарчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө социалдык түйүндөгү өз эккаунтунан «чарчагандыгын» билдирди.

«Өзгөчө деле себеби жок. Жөн гана тажап кеттим», — деди парламентарий.

Айтматова Twitterдеги эккаунтун эң эле аз дегенде үч жыл мурун ачкан. Айтымында, Twitter — ал активдүү колдонгон жалгыз социалдык түйүн болгон — анда эл өкүлү статустарын жаңыртып, комментарий берип, сүрөттөрүн жайгаштырып келген.

Парламентарий микроблогдук платформада жаңы профилин ачаар-ачпасын азырынча билбейт.

«Ойлонуп көрөм. Ага азыр убакыт да жок», — деди ал.

Айтматова өз эккаунтун төрт жылдан бери жүргүзүп келе жатат. Алгач профили ар бир колдонуучу үчүн ачык болгон, бирок акыркы бир жылдан бери саясатчы анда жазылган билдирүүлөрдүн бардыгы жеке өзүнө тиешелүү экендигин жана жалпы элге арналбагандыгын билдирип аны жашыруун кылып койгон.

Депутат микроблогдук платформада ачыктуулугу менен белгилүү болгон, эл өкүлү өзү моюнуна алгандай ал билдирүүлөрү үчүн партия жетекчилигинен бир нече жолу эскертүү да алган.

Twitterдеги саясатчылар

Айтматова — кыргызстандык саясатчылардан алгачкылардан болуп интернет менен активдүү колдонуп баштаганы менен ал Twitter социалдык түйүнүндө эккаунту бар жалгыз саясатчы жана парламент депутаты эмес.

«Ар-Намыс» партиясынын эки депутаты — Дастан Бекешев менен Турсунбай Бакир уулулар өз эккаунттарына дээрлик күн сайын билдирүү калтырып турушат.

«Менин оюмча, ага Twitterдеги эккаунтун өчүрүү боюнча кимдир бирөө кеңеш берсе керек, анткени ал өз пикирин ачык жана коркпой жазып турчу», — деп пикирин билдирди Бакир уулу Kloop.kgге.

Өкмөт чиновниктеринин арасында Унаа жана байланыш министринин орун басары Нурлан Баяман менен Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдиль Бвйсаловдордун эккаунттары бар, алар тез-тез жаңыланып турат.

Түйүндө кыргызстандык твиттер колдонуучулар көп жазылган экс-президент Роза Отунбаеванын да эккаунту активдүү. Бирок ал тез-тез жаңыланып турбайт — ок күндө бир-эки гана билдирүү пайда болот.

Аталган түйүндө Кыргызстандын бир катар саясатчыларынын профилдери бар. Алсак, депутат жана экс-мэр Нариман Түлеевдин, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун, Экономика министри Темир Сариевдин жана экс-башкы прокурор Кубатбек Байболовдордуку, бирок алар активдүү колдонуучулардын катарына кирбейт, профилдери көптөн бери жаңыланган эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдордун микроблогдук платформада өз эккаунттары жок.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөт Айтматованын «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү эккаунтунан алынды