Караколдун тергөө абагындагы ачкачылык: камактагылардын бири ооруканага жаткырылды

Үч күндөн бери «кыйноолорго» каршы ачкачылык акциясы өтүп жаткан Караколдогу №23 тергөө абагындагы камактагылардын бири ооруканага жаткырылды, деп билдиришти укук коргоочулар. Алардын маалыматы боюнча, тамак ичүүдөн баш тарткандардын саны мурункудай боюнча эле калган - абактагы 97 кишинин 90ну ачкачылык кармап жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагылар тамак иче баштагандыктарын айтууда.

«Вентус» укук коргоо уюмунун жетекчиси Камиль Рузиев №23 тергөө абагындагы камактагылардын бири ооруканага жаткырылгандыгын Kloop.kgге билдирди. Бирок укук коргоочу ал адам ачкачылык акциясына катышып жаткандардын катарында болгон -болбогондугун так билбейт.

Рузиевдин айтымында, ооруканага жаткырылган камактагы адамдын операциядан калган тигиши ажырап кеткен.

Укук коргоочу ачкачылык акциясы башталгандан бери ачкачылык карманып жаткан камактагылар менен сүйлөшүп жатат — анын маалыматы боюнча, нааразы болгондордун саны азайган жок.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф укук коргоочунун айткандарынан башкача маалыматтарды билдирди — мекеменин билдирүүсү боюнча, абактагы 97 адамдын 64ү тамак ичүүдөн баш тартып жатышат.

Алгач, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагылардын 79у ачкачылык кармап жаткандыктарын айткан.

Буга чейин Рузиев камактагылар Кыргызстандын президентине кыйноолорго каршы даттануу жолдоону көздөп жаткандыктарын билдирген. Бирок анын айтымында, №23 тергөө абагынын кызматккерлери аларга кагаз берүүдөн баш тартып жатышат.

Никсдорф ачкачылык кармап жаткандардын президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусу жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

Себеп: кыйноолорбу же жабык эшиктерби?

№23 тергөө абагындагы камактагылар тамак ичүүдөн 4-декабрь күнү эртең менен баш тартышкан.

«Камактагылар кээ бир камералар менен эшиктердеги кичинекей терезелердин ар дайым ачык турушун каалап жатышат, ошондой эле кээ бир камактагылардын абак ичинде эркин жылып жүрүүсүнө мүмкүндүк берүүнү талап кылып жатышат», — деп жазылган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө.

Бирок Рузиев Kloop.kgге башкача версияны айтты — анын маалыматтары боюнча, камактагылар тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп, орой мамиле жасалып жаткандыгына даттанышууда.

«Алар тергөө абагынын кызматкерлери менен жетекчилиги тарабынан катаал мамилелер болуп жаткандыгын айтып, даттанышууда. Кээ бирлери аларды сабап, кыйноого алгандыктарын айтып жатышат. [...] Алар сабалгандыктарын жана ага абактын жетекчисинин орун басарынын тиешеси бардыгын айтып жатышат», — деген Рузиев Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Зарема Султанбекова