ИИМ башчысы Шамил Атахановдун катышуусунда өтө турган кеңешме Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы менен анын бир нече кызматкери чыгып кеткендиктен үзгүлтүккө учурады. Бул үчүн аларга сөгүш жарыяланды.
Ички коопсуздук кызмат 25-ноябрда өтүшү керек болгон кеңешменин үзгүлтүккө учурашы боюнча кызматтык тергөө жүргүзүүнү демилгелеп, Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы кызматтык тартипти бузган деген жыйынтыкка келди.
«Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын аракети кызматтык тартипти бузуу жана кеңешменин ишин үзгүлтүккө учуратууга алып келген конфликттик кырдаалды түзүү катары бааланып жатат. Ошондой эле бир катары мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө: кызматтык жактан улук адам менен талашып-тартышуу жана буйрукту одоно бузуу», — деп жазылган ИИМдин сайтында.
Мекемеден «кызматтык жактан улук» деп жазылган адам министр Атаханов экендигин Kloop.kgнин кабарчыларына айтышты.
ИИМден билдиришкендей, Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кеңешмени үзгүлтүккө учураткан кызматкерлерине сөгүш жарыяланган, ал эми жетекчилигине карата жаза тандала элек.
Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кабыл алуу бөлүмүнөн жетекчилик ИИМдеги кеңешмеге кеткендигин жана бул боюнча эч ким комментарий бере албастыгын билдиришти.
Буга чейин, 4-декабрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин мүчөлөрү Атахановдун комитет жыйынына өзү келип катышпагандыгын айтып нааразы болушкан.
«Ал отурумга орун басарын жиберип коюп экинчи жолу келген жок. Эгер бизди тоготпосо аны ордуна коюп коюууга Комитеттин алы жетет. ИИМдин башчысы өзү келип, мыйзам долбоору боюнча доклад окушу керек», — деп жазат «К-Ньюс» маалымат агенттиги депутат Мыктыбек Абдылдаевдин айткандарын.
Автор: Зарема Султанбекова
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды