Олимпиадалык спортчу Тыныбекова шарттуу түрдө эки жылга соттолду

Бишкектин Ленин райондук соту балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Анын шериги Розалия Тилегенова шарттуу түрдө бир жылга кесилди. Спортчу кыздар Бишкек шаарынын борборунда жашы жете элек кызды сабаган деп айыпталып жатышат.

Жабыр тарткан кыздын апасы Нуриля Кочкорбаева соттун өкүмүн «мыйзамдуу» деп эсептейт.

«Мен бул чечим мыйзамга негизделип чыгарылды деп ойлойм. [...] Эки жылдын аралыгында ал туура эмес кылгандыгын түшүнөт», – деди ал.

Кочкорбаева соттун бул чечими боюнча даттанаар-даттанбасын азырынча билбейт.

«Мен азырынча соттун чечимин окуп чыгайын. Анткени нукура кыргыз тилиндеги юридикалык терминдерди жакшы билбейм, ошондуктан жакшылап таанышып чыгуум керек», — деди ал.

Балбан кыздардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков соттун чечимин «катаал» деп эсептеп, бул иш «буйрутма» болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Соттук процесс башка өлкөлөрдүн буйрутмасы болушу мүмкүн. Силер билесиңер да спортко байланышкан дүйнөлүк атаандаштык бар, мага ошондой сезилип жатат [...] Бул иш 8 айдан бери ММКлар аркылуу чагылдырылып келген, а бул сыяктуу окуялар көп да, күн сайын болот. Эгер калыстык менен карай берсек Кыргызстандын бардыгын жаап салса болот», — деди машыктыруучу.

Изабеков соттук процесс Тыныбекованын Олимпиада-1012деги мелдештерге катышуусуна «жаман» таасирин тийгизди деп эсептейт.

«Бул анын мелдешке катышуусуна терс таасирин тийгизди.[..,] Сарсанаа болуп үч-төрт килограммга арыктап кеткен», — деди ал.

Тыныбекованын жактоочусу башка сот процессине катышып жаткандыгына байланыштуу отурумга келген жок. Kloop.kg жактоочунун Ленин райондук сотунун өкүмү боюнча даттанаар-даттанбасын билүү үчүн аны менен байланыша алган жок.

Олимпиаданын катышуучусу менен анын шериги өз күнөөлөрүн моюндарына алышкан жок, бирок Тилегенова акыркы сөзүндө окуя үчүн кечирим сурады.

Спортчу кыздар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бул мушташтын айынан Тыныбекова Олимпиада-2012ге барбай кала жаздаган, бирок сот мелдешке барып келүүгө уруксат берген.

Америкалык «Таймс» журналы Тыныбекованы «көңүл бурууга татыктуу» олимпиада спортчуларынын рейтингиндеги 50 спортчунун катарына киргизип, Кыргызстандын алтын медалга болгон негизги үмүтү деп атаган. Бирок балбан кыз мелдештеги биринчи беттешинде эле жеңилип калган.

«Агрессивдүү реакция»

Тергөөнүн маалыматы боюнча 3-апрелде Тыныбекова күрөш боюнча улуттук курама команданын дагы бир мүчөсү Розалия Тилегенова менен бирге 17 жаштагы кызды Кыргыз улуттук филармониясынан алыс эмес жерден «сабап» салышкан.

Нурдин кызы курбулары менен филармониянын жанындагы жер төлөөдөн өтүп баратып Тыныбековадан «өтүп кетейинчи» деп сурангандыгын айткан.

«Мен өтүп кетсем болобу деп сурап колум менен акырын тийип алгам. Ал буга агрессивдүү реакция жасап, нааразы болуп кыйкыра баштады», – деген Нурдин кызы.

Айтымында, андан кийин Тыныбекова аны колунан алып, жер төлөөдөн чыгарып Тилегенова экөө биригип «сабап» салышкан.

«Бир группалаш курбум жардам берүүгө аракет кылды, бирок колунан келбей койду. Калганы жер төлөөдөн чыгып келгенге үлгүрүп, дең-дароо болуп карап гана калышты», — деп эскерет Нурдин кызы.

Кыздын апасы Нурия Кочкорбаева «сабалгандан» кийин кызынын мурду сынып, баш сөөгү чайкалып 10 күн ооруканада жаткандыгын айткан.

Балбан кыздын машыктыруучусу Нурбек Изабековдун айтымында, анын тарбиялануучусу Нурдин кызын «сабаган эмес», жөн гана жаакка чаап койгон.

«Ал жерде чатак чыгып кеткен. Сөзмө сөз айтканда, кимдир бирөө башка бирөөнү түртүп кеткен, анан ал жооп берген. Кыздардын айткандары боюнча, ал 10-15 секундка гана созулган», – деди Изабеков.

Автор: Алексей Ким