Жалал-Абад шаардык соту «колго жасалган эмдөө каражатынын» айынан Сузак районундагы малдын массалык кырылуусу боюнча кылмыш ишин кароону баштады. Сот жообуна тартылып жаткандардын арасында беш чиновник бар, жалпы чыгым 12 миллион сомго бааланып жатат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы малдын массалык кырылышы боюнча сот жообуна 11 адам тартылып жатат — анда малдын чечек оорусуна каршы «сапатсыз» эмдөө жасалган.
Сот жообуна тартылып жаткандардын арасында мамлекеттик администрация менен айылдык кеңештин беш чиновниги бар, деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында. Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органынын маалыматы боюнча, малдын кырылуусунан келип чыккан чыгым 11,9 миллион сомду түзгөн, алардын 6 миллион сомунун орду толтурулган.
Жалал-Абад прокуратурасы сентябрдын ортосундагы малдын кырылуусу боюнча ишти сотко жөнөткөн, сот жообуна тартылып жаткандардын аты-жөнү айтылбай эле.
Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Туркбаев сентябрь айында kloop.kgге берген маегинде малдын кырылуусуна мамлекеттик администрациянын чиновниктеринин тиешеси жоктугун айткан. Ал муну эмдөөнү жарандар өз алдынча баштагандыктары менен түшүндүргөн.
«Өкмөттүк деңгээлдеги текшерүүлөр болгон. Азыркыга чейин эмдөөчү дарылар аныктала элек, алардын кайсыл жактан алынып келингендиги белгисиз. Эмдөө каражаттары менен Кыргызстандын жараны жабдып турган. Иштин бардыгы жарандар тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн», — деген Туркбаев.
Малдын чечек оорусуна каршы эмдөөлөр
Жалал-Абал облусунун Сузак районундагы малдын кырылышы коңшу Өзбекстандан алынып келинген колго жасалган вакцина менен эмделгенден кийин сентябрдын ортосунда башталган.
Анда Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов Kloop.kgге берген маегинде малдын кырылуусу тууралуу билдирүүлөр 17-сентябрдан баштап түшө баштагандыгын айткан.
«Малдын чечек оорусуна каршы дары Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келингендиги аныкталды. Эмдөө 8-сентябрдан жүргүзүлө баштаган жана дарынын үч миңдей өлчөмү колдонулган», — деген чиновник.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 4500дөн ашык жергиликтүү жашоочу чечек оорусуна каршы сапатсыз дары менен эмделген койлордун этин жеген. Бирок ооруган адамдар катталган эмес.
Автор: Зарема Султанбекова