Бишкекте 20 жылдан берки декабрдын эң жылуу күнү катталды

6-декабрда термометрдин көрсөткүчү +19,5 градуска чейин жогорулады — бул 21-кылым башталгандан берки Бишкектеги декабрдын эң жылуу күнү болду. Экологдор муну «айлана-чөйрөнүн булганышы» жана «глобалдык жылып кетүү» менен түшүндүрүп, абанын кескин суукташын божомолдоп жатышат.

«Аба ырайы жана климат» сайтындагы маалыматка ылайык, 20 жылдан бери быйылкы декабрдан 1989-жылдын декабры гана жылуураак болгон - анда термометрдин көрсөткүчү 22 градуска чейин көтөрүлгөн.

Аба ырайына байкоо жүргүзүү башталгандан бери Бишкек шаарындагы декабрдын эң жогорку температурасы 1971-жылдын 15-декабрында катталган - анда абанын температурасы +23 градуска чейин көтөрүлгөн, деп жазылган Кыргызгидрометтин сайтында.

Бишкекте эң суук күн 1930-жылдын 19-декабрына туура келет — анда термометрдин көрсөткүчү -38 градуска чейин төмөндөгөн.

Окумуштуу-эколог Эмиль Шүкүров да 21-кылым башталгандан бери Бишкекте быйылкыдай жылуу декабрь болбогондугун айтты.

Шүкүровдун айтымында, 6-декабрда анын термометринин көрсөткүчү +22 градуска чейин жогорулаган.

Эколог бул температураны аномалдуу деп эсептеп, абанын минтип кескин жылуусун айлана чөйрөнүн булгануусу менен байланыштырууда.

«Бул аномалдуу кубулуш. Негизи эле бул сыяктуу нерселер дүйнө боюнча ар дайым болуп турат. [...] Учурда абанын булганышынан улам температуранын глобалдуу жылуусу жүрүп жатат деген көз караштар бар», — деди Шүкүров Kloop.kgге.

Шүкүров аномалдуу суук түшүшү мүмкүн деп болжолдоодо.

1-декабрда Бишкекте быйылкы жылдын рекорддук көлөмдөгү кары түшкөн — анда жааган кардын калыңдыгы 21 сантиметрге жеткен.

Автор: Зарема Султанбекова