Коррупцияны баалоо индекси: Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 154-орунда

Кыргызстан Эл аралык Transparency International уюмунун рейтингинде 10 позицияга жогорулап, быйылкы рейтингде 176 өлкө арасында 154-орунду ээлеген. Акыркы эки жылда республика эң коррупциялашкан 10 өлкөнүн катарында болуп келген.

Кыргызстан 1993-жылдан бери дүйнөдөгү паракорчулуктун деңгээлине байкоо жүргүзүп келе жаткан Transparency International бейөкмөт уюмунун быйылкы рейтингинде 24 упайга ээ болду.

Дүйнөлүк рейтингдеги позициясынын жакшыргандыгына карабастан Кыргызстан дагы деле «кызыл аймакта» калууда - «кызыл аймактын» чеги өлкөдө коррупциянын деңгээли жогору дегенди билдирет. Изилдөөнүн жүрүшүндө өлкө канчалык аз балл алса коррупциянын деңгээли ошончолук жогору болот.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан 133-орун алган Казакстандан кийин экинчи орунда турат. Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандар Кыргызстандан төмөнкү позицияны ээлешкен.

Рейтингдеги биринчи орунда Финляндия, Дания жана Жаңы Зеландия өлкөлөрү турат, алардын ар бири 90 упайдан алышкан. Андан кийин экинчи орунда Швеция, үчүнчүдө — Сингапур турат.

Ооганстан, Түндүк Корея жана Сомали өлкөлөрү быйыл да былтыркыдай эле рейтингдин эң төмөнкү саптарына жазылган.

Уюм рейтингди түзүүдө өлкөдөгү паракорчулуктун таралуусунун көрсөткүчүнө жана коррупциялык схемаларга каршы көрүлүп жаткан аракеттердин эффективдүүлүгүнүн деңгэээли менен коомчулуктун каржы тармагын көзөмөлдөө деңгээлине таянат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Нурбек Сакыев 2012-жылы өлкөдөгү коррупцияны жоюу үчүн укук коргоо органдары тарабынан «жазалоо чаралары» колдонулгандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Быйыл коррупцияны жоюу жана өлкөдөгү шартты жакшыртуу боюнча көптөгөн аракеттер жасалды. Биздин акыркы жылдардагы аракеттерибиз алдыга жылып жаткандыгыбызды көрсөтүүдө», – деди Сакыев.

Кыргызстандын бийлиги өлкөдө коррупциянын бар экендигин танбайт. Коррупция менен күрөшүүчүлөрдүн катарына өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да кошулган, бул тууралуу ал 2011-жылдын 1-декабрында өзүнүн ант берүү сөзүндө билдирген.

«Коррупция — бизди ичибизден жеп жаткан негизги көйгөйүбүз. Мен бул кубулушту тамырынан бери жоюу үчүн бардык укуктарымды пайдаланам», — деп Атамбаев Кыргызстандын элине убада берген кызматына киришип жатып.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли