Башкы прокуратура Ташиевдин жактоочусун лицензиясынан ажыратууну талап кылып жатат

Депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов «тергөөгө басым жасап», «процессуалдык аракеттерди үзгүлтүккө учуратып жатат», деп эсептейт Башкы прокуратура. Мекеме Айткуловду лицензиясынан ажыратууну талап кылып жатат. Жактоочу бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы Адилет министрлигинен Айткуловду жактоочулук менен алектенүүгө уруксат берген лицензиясынан ажыратууну суранды.

Башкы прокуратура таркаткан билдирүүгө ылайык, Айткулов Ташиевдин иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерине басым жасап жатат — депутат «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасаган» деп айыпталууда.

Башкы прокуратура муну Айткулов ММКларга мыйзам бузуулар болгондугун билдирип, ошол эле маалда Башкы прокуратурага эч кандай дооматы жоктугун жазып «коомчулуктун башын айландырып», тергөөгө басым жасап жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Бир нече жолу чакырылып, билдирүүлөр жөнөтүлгөнү менен Айткулов кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн келген жок, деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

«Жактоочу Айткулов өзүнүн аракеттери менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш прецессуалдык кодексинин 48-беренесинде жазылган – жактоочу жактоого алган адамдын кызыкчылыгына каршы кандайдыр бир аркеттерди жасоого укугу жок деген талаптарды бузуп, процессуалдык аракеттерди өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратып жатат», — деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Айткулов аны лицензиясынан ажыратуу талабы жөнүндө эч нерсе билбестигин жана талап менен таанышып чыкканга чейин комментарий бербей тургандыгын Kloop.kgге айтты.

3-декабрда Ташиевдин жактоочусу өткөрүлгөн психо-психатриалдык экспертизанын жыйынтыктары туура эмес чыгарылгандыгын айтып, ал жактоого алган саясатчыга экспертизаны кайрадан өткөрүүнү талап кылган.

Башкы прокуратура ноябрь айынын аягында аталган экспертизанын белгиленишине жана өткөрүлүшүнө Айткуловдун макул болгондугу жөнүндө жазылган пресс-релиз тараткан.

«Ошол эле Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага арыз берген, анда ал Башкы прокуратурага эч кандай дооматтары жок экендиги жана аталган экспертизаны белгилөөдө жана өткөрүүдө айыпталып жаткан Камчыбек Ташиевдин укуктары менен кызыкчылыктары бузулбагандыгы жазылган», – деп жазылган көзөмөлдөө органынын сайтында.

Ташиев бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармалган.

Анда нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок өз дарегине айтылып жаткан айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды