Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагында бир ай камакта болот

«Криминал авторитети» Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында бир ай камакта болот — мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды, деп билдиришти УКМКдан. Көлбаев Дубай шаарынан Кыргызстанга 8-декабрда алынып келинген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Көлбаевге карата баш коргоо чарасын белгилеп, аны УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алуу өкүмүн чыгарды, деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Kloop.kg Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян менен азырынча байланыша алган жок.

Кыргызстандын ири баңгитөбөлдөрүнүн бирин Бириккен Араб Эмираттарынан Бишкекке 8-декабрда алып келишти — ал эки жылдан бери Кыргызстандын сыртында жүргөн.

Ал «өз каалоосу менен келген соң» УКМКнын кызматкерлери тарабынан Дубайда кармалган, деп жазылган Кыргызстандын Жогорку сотунун пресс-релизинде.

АКШнын бийлиги 2011-жылы Көлбаевди дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн кара тизмесине киргизген.

УКМКнын басма сөз кызматынан учурда Кыргызстандын Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти:

  • 123. Адам уурдоо
  • 125. Мыйзамсыз эркинен ажыратуу
  • 168. Талоончулук
  • 231. Кылмыштуу топту уюштуруу
  • 241. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алуу, сатуу, ташуу жана алып жүрүү
  • 247. Баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу
  • 341. Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү

Мурунку кылмыштары

2000-жылы Көлбаев кылмыш чөйрөсүндөгү негизги атаандашы болгон Рыспек Акматбаевди өлтүрүү максатында кол салгандыгы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылган, бирок алты жылдан соң абактан качып кеткен.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова