Караколдун тергөө абагындагы ачкачылык токтоду

Каракол шаарындагы №23 тергөө абагындагы камактагылар беш күндүк ачкачылык акциясынан кийин тамак иче башташты, деп билдирет «Эркиндик үнү» порталы. Укук короочулар камактагылардын «кыйноолорго» даттангандыктарын айтып жатышат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы нааразычылык камералардын «жабылган эшиктери менен терезелеринен» улам пайда болгондугун билдирди.

«Эркиндик үнү» коомдук фондунун укук коргоочулары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбия бөлүмүнүн башчысы Касым Сооронбаевге шилтеме жасап, ачкачылык токтогондугу жөнүндө билдиришт.

Анын айтымында, Жаза аткаруу кызматы жана акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү менен болгон түшүндүрүү иштеринен кийин камактагылар ооздорун ачып, тамак ичүүгө макул болушкан.

«Камактагылардын укуктары бузулган жок, ачкачылык акциясынын башталышына криминалдык кызыкчылыктар себеп болгон. Биз күч колдонуусуз айтканыбыздан кайтпай туруп алдык», — деди Сооронбаев.

Укук коргоочулар менен байланышкан камактагылардын бири тергөө абагынын жетекчилиги менен бир бүтүмгө келгендиктерин ырастаган. Ал билдиргендей, тергөө абагынын башчысы «камактагыларга жакшы мамиле болоорун» айтып, убада берген.

Булак кошумчалагандай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү андагы орун алган «укук бузуулар» боюнча даттанууларда карабай коюшкан.

«Вентус» укук коргоо фондусунун башчысы Камиль Рузиевдин версиясы боюнча, 4-декабрда башталган ачкачылык акциясынын келип чыгышына «кыйнооолор» себеп болгон.

«Камактагылар аларды сабап, кыйноого алгандыктарын айтып, ага абактын жетекчисинин орун басарынын тиешеси бардыгын айтышты», — деген Рузиев Kloop.kgге берген маегинде.

Өз кезегинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы камактагылар бир катар камералардын эшиктери менен терезелерин ачууну талап кылып, ал талаптары аткарылбаган соң нааразы болуп, тамак ичүүдөн баш тартышкандыгын билдирген.

Ар башка маалыматтар боюнча, ачкачылык акциясына тергөө абагындагы 100дөй кишинин 60тан 90го чейинкиси катышкан.

«Камералардагы пельмендер»

«Эркиндик үнү» жазгандай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбия бөлүмүнүн башчысы Касым Сооронбаев башынан бери эле камактагылардын ачкачылык кармоосун тааныгысы келген эмес.

Ал камактагылар тергөө абагында жасалган тамактардан гана баш тартып, туугандары жиберген тамактарды ичип жаткандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылган.

«Алар ачкачылыкка алдын ала даярданышкан, алардын өзүлөрүнүн азык-түлүктөрү канчага чейин жетээрин билбейм. Мен өз көзүм менен камераларда мүшөктөп турган нандарды, ал эмес пельмендер турганынын көргөм», — деди Сооронбаев.

Ал акциянын баштоочулары «башаламандык уюштургандыктары» үчүн жазаланаарын кошумчалады. Мындай аракеттер үчүн Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 345-беренесинде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Өз кезегинде камактагылардын ата-энелери ачкачылык акциясы башталгандан бери абактын кызматкерлери алар жиберген азыктарды алуудан баш тартып жаткандыктарын айтып, даттанып жатышат.

Автор: Эльдияр Арыкбаев