Максим Бакиевдин соту 2013-жылдын 13-майына белгиленди

7-декабрда Лондондо мурунку президенттин уулу Максим Бакиев өзүнө карата козголгон кылмыш иши менен таанышып чыкты. Аны АКШ менен Кыргызстандын бийлиги каржылык алдамчылыктарга айыптап жатышат.

Микроблогдук Twitter платформасынын процесске катышып жаткан Мээрим Касымова аттуу колдонуучусу өз эккаунту аркылуу Максим Бакиевдин ишин кароо 2013-жылдын 13-майына жылдырылгандыгын билдирди.

Анын айтымында, АКШнын бийлиги мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн деп айыптап жаткан Максим Бакиев 7-декабрда өз иши менен гана таанышкан.

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин уулу АКШ бийлигинин өтүнүчү менен Лондондо кармалган. АКШ аны «баалуу кагаздар менен алдамчылык кылган» деп айыптап жатат. Кармалгандан кийин Максим Бакиев күрөөгө бошотулган.

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин мурунку жетекчиси Максим Бакиев 12-октябрда Лондондо кармалган. Би-би-синин орус кызматынын маалыматы боюнча, Максим Бакиевди ал жашап турган Белгравия районунун полиция бөлүмүнө чакырып, ал жерден камакка алышкан.

Экс-президенттин уулу бөлүмгө алынып келингенден кийин кармалган. Белгравиянын полициясынан Максим Бакиев АКШ бийлигинин өтүнүчү менен кармалгандыгын Kloop.kgге билдиришкен.

«Максим Бакиев 2003-жылкы өткөрүп берүү тууралуу актынын негизинде түзүлгөн ордер боюнча кармалды. Аны алдамчылык кылуу жана 2010-2012-жылдар аралыгында АКШнын сот акыйкаттыгына тоскоол кылган деп күнөөлөп жатышат», – деп билдирген Белгравия полициясы.

Кармалгандан көп өтпөй Максим Бакиев биринчи инстанциядагы соттун алдында жооп берип, күрөөгө бошотулган.

Максим Бакиев

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу.

Атасы өлкө башчысы болуп турганда Максим Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеген.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогон.

Ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп күнөөлөнүп жатат.

Максим 7-апрель окуясы боюнча соттук процессте күнөөлүү катары сырттан өтүп жатат.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал «Фарнборо» аэропортуна ижарага алган жеке учагы менен келип конгондо чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк мурунку президенттин уулу өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурагандан кийин ага Улуу Британиянын аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Мээрим Касымова.