Мотуев тарабынан «зордукталган» кыз коркутуулар болгондугун айтып даттанууда

Жабыр тартуучу тараптын жактоочусу ал жактоого алган кыздын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болгондугун билдирүүдө. Элдик патриоттук кыймылдын төрагасы Нурлан Мотуев кыздын жактоочусунун айткандарын четке кагууда.

Жабыр тарткан кыздын жактоочусу Сайра Нурбекова журналисттер менен жолугушуу маалында Мотуев ал жактоого алган кызды «коркуткандыгын» билдирди.

«Коркутуулардын бири мындайча болгон - Мотуев жабыр тарткан кыз окуп жаткан окуу жайынын жетекчиси анын классташы болоорун билдирип, кыйыр түрүндө ал жакта эми окуй албай каласың деп айткан», – деди Нурбекова.

Мотуев Kloop.kgге берген маегинде жактоочунун айткандарын четке какты.

«Мен ага эскертүү берсем керек, бирок ага агрессивдүү болуп коркуткан эмесмин [...] Мен жөн эле “ректоруңарды билесиңби? Ал менин классташым болот” деп сурагам», – деп түшүндүрдү ал.

Мотуев Kloop.kgге берген маегинде кызды «зордуктабагандыгын» жана ал кыз анын үйүнө өзү келгендигин билдирди.

«Эч кандай күч колдонуу, зордук болгон эмес, жөн гана отуруп, сок ичкенбиз. Беш-он мүнөт эле. Анан ал шашып кетип калган», – деди Мотуев.

Ошондой эле ал өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертиза «зордуктоонун» белгилерин аныктабагандыгын айтты.

«Экспертиза мени 15 мүнөт, аны болсо үч мүнөт текшерүүгө алды. Эч нерсе табылбагандыктан судья мени үй камагына чыгарууга мажбур болду», – деди Мотуев.

Чыныгы мусулмандар жамаатынын лидери Нурлан Мотуев 21 жаштагы кызды «зордуктаган» деп шектелүүдө.

Ал 5-декабрда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган. Аны сот кийинки күнү кечке жуук үй камагына чыгарды.

Бишкек шаарынын тургуну Мотуевге даттанып 4-декабрда Свердлов райондук милициясына арыз менен кайрылган, деп билдирди ШИИБнин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева Kloop.kgге.

«Арыздануучунун айткандары боюнча, алар [Мотуев менен] 10 күн мурун кафеден таанышып, сүйлөшүп башташкан. Кийин 4-декабрда аны үйүнө чакырып, зодуктаган», — деди Давлетбаева

«Көмүр падышасы»

Нурлан Мотуев 2005-жылдагы «март революциясынан» кийин тарапташтары менен бирге Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенин басып алгандыгы менен белгилүү.

Облустук, райондук администрация башчылары, милиция, прокуратура жетекчилери баш болгон жергиликтүү бийлик анын көмүрдү мыйзамсыз казып алуусуна тыюу салып, салыктар менен социалдык төлөмдөрдү төлөтүүгө мажбурлай алышкан эмес.

Кенге бир нече ай ээлик кылып тургандан кийин, 2006-жылы Мотуев камакка алынган. Жарым жылдан кийин ага кылмыштуу иштердин 14 эпизоду боюнча айып тагылган, алардын арасында 32 млн сомдук көмүрдү уурдоо иши дагы болгон.

2009-жылы белгилүү аймактан чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы аяктагандан кийин Мотуев Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон.

Чыныгы мусулмандар жамаатынын лидери оппозициянын өкүлү болуп эсептелет жана учурдагы бийликке каршы бир нече жолу митинг өткөргөн.

Мотуев — жарым жылдын ичинде зордуктоого шектелип кармалган биринчи активист эмес.

«Ынтымак» жаштар кыймылынын төрагасы Адил Назаров дагы августтун ортосунда кармалган — ал балдарын багып берип жаткан жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелген.

Авторлор: Эльдос Казыбеков жана Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Александра Ли