Ташиевдин жактоочусу Салянованы кызматтан кетирүүгө аракеттенип жатат

Камактагы оппозициялык депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Аида Салянованы башкы прокурорлуктан алуу жөнүндөгү документтерди даярдап койду — анын пикиринде, Салянова «квалификациясыз» жетекчи. Башкы прокуратура болсо жактоочу «коомчулукту адаштырып жатат» деп билдирүүдө.

Айткулов Салянованы башкы прокурорлуктан алуу үчүн Жогорку Кеңеш менен президенттин аппаратына документтерди даярдап койгондугун Kloop.kgге билдирди.

Айткулов муну Башкы прокуратуранын анын жактоочулук лицензиясынан ажыратуу талабынан кийин үч күн өткөндөн кийин билдирди - башкы көзөмөлдөөчү орган Айткулов Ташиевди иши боюнча өткөн тергөө иштерине басым жасаган деп эсептеп жатат.

Жактоочу Kloop.kgге берген маегинде Башкы прокуратурада «сабатсыз» адамдар иштей тургандыгын айтып, алардын ичинде Салянованын өзү менен анын орун басары бардыгын билдирди.

Башкы прокуратура жактоочусу жок эле Ташиевге тергөө иштери аяктагандыгын билдирди, буз мыйзамды одоно бузуу болуп саналат, деди Айткулов.

«Мени Башкы прокуратуранын жетекчилигинин сабатсыздыгы таң калтырып жатат. [...] Алар бул мыйзамдын одоно бузулгандыгын өздөрү моюндарына алууда», — деди жактоочу.

Башкы прокуратура болсо Айткуловду декабрдын башындагы бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан материалдар менен таанышуу үчүн өзү келбей койгон деп айыптап жатат.

Оппозиционерлердин жактоочусу

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы оппозициялык саясатчынын жактоочусу ММКлардагы өз билдирүүлөрү менен коомчулукту адаштырып жаткандыгын айтып, Айткуловдун мекеме менен анын башчысы Саляновага карата айткан дооматтары жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

Айткулов ал күнү тергөөчүлөр менен көрүшүп, Башкы прокуратуранын имаратында болгону менен бир дагы чакыруу албагандыгын билдирүүдө.

«Башкы прокуратуранын бул аракеттеринин бардыгы мени жаманатты кылууга багытталган. Алар Ташиевге жардам бере албай калышымды көздөп жатышат», — деди Айткулов.

Айткулов Ташиев кармалган күндөн тартып анын кызыкчыгын коргоп баштаган — парламентарий октябрдын башында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жатат.

Анда миңдеген кишинин катышуусундагы «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өтүп жаткан митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн - алардын арасында митингдин уюштуруучуларынын бири болгон Ташиев дагы болгон.

Айткулов Ташиевден сырткары «коррупцияга» айыпталып камакка алынган дагы бир депутат, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин дагы кызыкчылыгын коргоп жатат.

Автор: Зарема Султанбекова