Бишкектеги мамлекеттик стомклиникалар өзүн өзү каржылоого өтөт

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы беш бейтапкананын стоматологиялык клиникаларын өзүн өзү каржылоого өткөрөөрүн билдирди. Бул тиш дарылоо кызматтарынын баасынын 10 пайызга жогорулашына алып келет, бирок алардын сапатын жогорулатат, деп эсептейт Саламаттык сактоо министрлиги.

Борбордогу бардык мамлекеттик стоматологиялык клиникаларды өзүн өзү каржылоого өткөрүү жөнүндө 10-декабрда Салматтык сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.

Бул чечим - эгер алар буга чейин толугу менен мамлекет тарабынан каржыланып келген болсо, эми кызматтарга болгон бааларды жогорулатып көбүрөөк каражат таба алышат дегенди билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы тиш доктуру Кадыр Коомбаев түшүндүргөндөй, бул чечим мамлекеттин каражатынын жетишсиздигинен жана ал беш клиниканын абалы начар болуп жаткандыктан кабыл алынган.

«Мамлекеттик ал беш клиника сарайга окшоп калды — жабдуулары эскирип, иштөө сапаты начарлап калган», — деди ал журналисттер менен жолугушуу маалында.

Мамлекеттик клиникалардагы кызматтардын баасы болжол менен 10-20 пайызга жогорулашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызстандын Тиш доктурлар ассоциациясынын президенти Абибилла Калбаев.

Беш бейтапкананы өзүн өзү каржылоого өткөрүү 2013-жылдын ичинде ишке ашырылат.

Кызматтар Кыргызстандын монополияга каршы органы менен макулдашылган жаңы баалар боюнча көрсөтүлөт.

16 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу айымдарга жана 65 жаштан жогорку пенсия курагындагы карыларга жеңилдиктер болот.

Бюджетти жаңыча бөлүштүрүү

Азырынча «пилоттук» деп аталып жаткан өзүн өзү каржылоого өткөрүү боюнча долбоор Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылат.

«Каражаттын бардыгы толугу менен көзөмөлгө алынып, текшерилет. Кызматтардын бааларын байкоого алабыз», — деди Kloop.kgге берген маегинде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Светлана Турдакуновна.

Министрлик бейтапканалардын өзүн өзү каржылоого өтүүсүнүн канчалык деңгээлде эффективдүү боло тургандыгына көз салат.

Мамлекет аталган беш стамотологиялык оорукананы каржылоого 2013-жылы дагы мурдагыдай эле 44 миллион сом бөлөт — бирок ал каражаттар стоматологиялык клиникаларда башкача бөлүштүрүлөт.

«Мурда бул каражаттар дарыгерлердин айлык акылары менен коммуналдык төлөмдөргө сарпталып келген, эми алар жеңилдиктер берилген адамдар менен медициналык жабдууларды жаңылоого кетет», — деди министр Сагынбаева.

Көп маанидеги реакция

Бишкектиктер шаардагы бейтапканалардын стоматологиялык клиникаларын өзүн өзү каржылоого өткөрүү боюнча түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

Шаардагы популярдуу «Дизель» форумунун Global Asia аттуу колдонуучусу министрдин бул демилгесин «жагымсыз сюрприз» деп атаган.

Башкалары болсо мындан чоң саясатты көрүп жаткандыктарын жазган.

«Баары бир океан ары жагындагы кара күчтөр саламаттык сактоонун Советтик системасын толугу менен сындыра алышты», — деп жазат Shermat деген колдонуучу.

Калгандары болсо өзүн өзү каржылоого өткөрүүдөн көп деле эч нерсе өзгөрбөйт деп эсептешет - алардын пикиринде, жарандар ал бейтапканаларда мамлекет тарабынан белгиленген баалардан сырткары дарыгерлерге баари бар деле кошумча акча төлөп келишкен.

«Мамлекет саламаттык сактоо тармагын каржылоону эбак эле токтоткон, жыл сайын талап кылынган көлөмдөн 30 пайызга аз каражат бөлүп жатат. А биз бул жерде дарыгерлерден бекер дарылоону талап кылып жатабыз», — деп жазат greenrun деген колдонуучу.

Бул мамлекеттик мекемелерди өзүн өзү каржылоого өткөрүүнүн айланасында пайда болгон Кыргызстан коомчулугундагы биринчи талкуу эмес — 2012-жылдын жайында Бишкек шаарындагы ири мектептердин бири болуп эсептелген №61 мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү бир топ талкууну жараткан.

Аталган мектепти өзүн өзү каржылоого өткөрүү чечими парламенттеги талкуулардан кийин жокко чыгарылган.

Автор: Динара Айдинова