Депутат унаа кырсыгына күнөөлүү деген шек менен кармалган жардамчысына жардам бербестигин айтты

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Жыргалбек Саматов жардамчысынын иши боюнча тергөө иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук кылбай тургандыгын айтып, убада берди. Тергөөнүн версиясы боюнча, эл өкүлүнүн жардамчысы үч кишинин өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгынын келип чыгышына күнөөлүү болгон.

Саматов Kloop.kgге берген маегинде жардамчысынын катышуусунда болгон унаа кырсыгы боюнча иштин мыйзамуу жол менен чечилишин талап кылаарын билдирди.

«Мен бул боюнча чечимдин мыйзамдын негизинде гана чыгарылышын талап кылам», – деди ал кабарчылар менен сүйлөшүүсүндө.

Депутаттын жардамчысы Таалайбек Жакыпов ишемби күнкү унаа кырсыгынан кийин Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин эки айга Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ал үч кишинин өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгына күнөлүү деп шектелип жатат.

Болжолдуу версия боюнча, Жакыпов 8-декабрь күнү эртең менен Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен светофордун кызыл жанганына карабастан катуу келип маршруттук таксини сүзгөн.

Анын натыйжасында маршруттук таксинин айдоочусу менен эки жүргүнчүсү каза болгон.

Республикалык наркология борбору тарабынан жүргүзүлгөн экспертиза унаа кырсыгы учурунда Жакыпов мас абалында болгондугун көрсөткөн.

Депутат жардамчысын «актап» жатат

«Дизель» форумунда бул унаа кырсыгы боюнча жүрүп жаткан талкуу 20 беттен ашып кеткен - анын колдонуучулары депутат Саматов жардамчысын «актоого» аракет кылып жатат деп бир нече жолу айыпташкан.

Андан сырткары интернет колдонуучулар депутаттын талкаланган унаа жеткирилген айып-унаа жайына баргандыгын сынга алышкан.

Депутат Жыргалбек Саматов Kloop.kgге берген маегинде чын эле 8-декабрда айып-унаа токтотуучу жайда болгондугун, бирок унаанын абалы менен таанышуу үчүн гана баргандыгын ырастады.

Саматов унаа токтотуучу жайга кирбестен эле унаасын алыстан көргөндүгүн айтып, далидөөгө аракет кылды.

«Мен ал жерге унаа кырсыгынын чын эле болгондугуна ынанып, окуяны баалап, унаанын абалын көрүү үчүн бардым.[...] Унаага такыр жакындаган жокмун, алыстан гана көрдүм. Чындыгында унаа өтө начар абалда экен», — деди Саматов.

Туугандары басым жасап жатабы?

КирТАГ маалымат агенттиги «укук коргоо органдарындагы булагына» шилтеме жасап, Жакыповдун туугандары тергөө иштерине басым жасоого аракет жасап жатышат деп билдирди.

«Алсак, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын күбөлөндүрүү маалында унаа кырсыгына күнөөлүү адамдын атасы анализдин жыйынтыктарын алмаштырып коюууну талап кылды», — деген аты-жөнү жазылбаган агенттиктин булагы.

9-декабрь күнү кечинде Kloop.kgнин журналисти айып-унаа токтотуучу жайга барып, анын кароолчусу менен маектешкен - анда кароолчу Жумакадыр Үмөтбаев өздөрүн Жакыповдун «туугандарыбыз» деп тааныштырган беш бала келип, анын унаасындагы «документтерди алып алууну» суранышкандыгын айткан.

«Алар кайсы бир документтерди алып алалы дешти, бирок дем алыш болгондуктан аларды киргизген жокмун. Мен аларга эртең, же анын аркы күнү тергөөчү менен бирге келгиле дедим», – деди Үмөтбаев.

Кийинчерээк, Kloop.kgнин журналисти эл өкүлүнүн «туугандарынын» тергөөчү менен бирге унаага кирүүгө аракет кылгандыгына күбө болду. Кароолчунун айтымында, ал унаага журналисттер менен бирге кирүүнү сунуштаган, бирок «туугандары» бул сунуштан баш тартып, унаа токтотуучу жайдан кетип калышкан.

Кароолчу Үмөтбаев ал унаа токтотуучу жайга каза болгон маршруттук таксинин жүргүнчүлөрүнүн туугандарын да кое бербей койгондугун айтты.

Шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсү Керим Балтабаев Kloop.kgге берген маегинде ага айып-унаа токтоотуучу жайына кирүү уруксатын сурап эч ким кайрылбагандыгын айтты.

Автор: Александра Ли