Мамлекеттик «Кыргызстан» авиакомпаниясы Орусияда каза болгон кыргызстандыктарды бекер алып келүүгө макул болду. Азырынча алып келүү боюнча эч ким кайрыла элек.
«Кыргызстан» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Арсен Табылдиев каза болгон жарандарды өлкөгө алып келүү бекер болоорун, бирок туугандары аэропорттогу бажы салыктарын төлөшү керектигин Kloop.kgге билдирди.
«Кыргызстан» авиакомпаниясы — мамлекеттик компания. Ал оор учурдарда Кыргызстандын жарандарына колдоо көрсөтүү максатында чет өлкөлөрдө каза болгон кыргызстандыктарды бекер алып келүүгө макул болду», — деди Табылдиев.
Компания андай жүктөрдү бекер жеткирүүгө 10-декабрда даяр болгон.
«Азырынча эч ким кайрыла элек, бул бир четинен жакшы да», — деди ал.
Депутаттар чет өлкөлөрдө каза болгон кыргызстандыктарды өлкөгө жеткирүү маселесин 10-декабрдагы парламент жыйынында көтөрүп чыгышкан.
«Биздин жарандардын көпчүлүгү мыйзамсыз иштеп жүргөндүктөн, анда каза болгондорду өлкөгө алып келүүдө көйгөй жаралат», — деп жазылган Жогорку Кеңештин сайтында.
Расмий маалыматтар боюнча, жыл сайын Кыргызстанга мындай жүктөрдүн 80-90ну келет, а расмий эмес маалыматтар боюнча — 300дөн ашык, деп жазылган парламенттин сайтында.
Автор: Зарема Султанбекова