УКМК Спорт ордосунун жанындагы жардырууга шектелип жаткан уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салды

Атайын кызматтагылар «Жайшуль Махди» уюмун «террористтик» деп таап, Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Уюм 2010-жылдын ноябрындагы Спорт ордосунун жанындагы жардырууну уюштурган деп шектелип жатат. Ал жардыруунун жыйынтыгында үч киши жарадар болгон.

10-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети октябрдын аягында Биринчи май райондук соту «Жайшуль Махди» уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салгандыгын билдирди.

Аны менен бирге дагы үч уюм - «Джунд аль Халифат», «Ансаруллох» («Ансару Аллах») жана «Ат-Такфир Валь-Хиджра» уюмдары террористтик деп табылып, Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгүнө да тыюу салынды.

Коопсуздук тармагы боюнча талдоочу Токтогул Какчекеев тыюу салынган уюмдар эми Кыргызстанда ачык иштей албастыгын Kloop.kgге билдирди.

«Эми алар адамдарды ачык тарта алышпайт, антсе жазаланышат. Алар ишмердүүлүктөрүн токтотуп, же жашырынып иштөөлөрү керек болуп калат», – деди ал.

Какчекеев өлкөдө учурда 30 «террористтик» топ бар экендигин кошумчалады.

«Ал диний уюмдардын адамдарынын бардыгы баш калкалоочу жай таап алышкан, ал аз келгенсип алар жакын мамиледеги өкмөттөгү же депутаттардын арасындагы адамдары аркылуу бийликке таасирин тийгизип жатышат», – деп эсептейт талдоочу.

«Жайшуль Махди» экстремисттик уюмунун мүчөлөрү 2010-жылдагы апрель революциясы боюнча сот процесси өтүп жаткан Спорт ордосунун жанындагы жардырууга шектелип жатышат.

Жардыруудан кийин бийликтегилер сот отурумун башка жерде өткөрүү чечимин кабыл алышкан - учурда сот жыйыны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы соттук департаментте өтүүдө.

УКМК кызматкерлери 2012-жылдын август айында «Жайшуль Махди» уюмунун бир мүчөсүн колго түшүрүшкөн.

Атайын кызматтагылар билдиришкендей, анда кармалган адамдын үйүнөн жардыруучу заттардын бөлүктөрү, бычактар жана «экстремисттик» мүнөздөгү адабияттар табылган.

Учурда шектүү катары кармалган ал адам УКМКнын тергөө абагында камакта.

Мекеменин басма сөз кызматы, ал кармалган адамдын жактоочусу журналисттерге байланыш дарегин бербөөнү өтүнгөндүгүн билдирди.

«Жайшуль Махди» уюму ошондой эле 2010-жылдын декабрында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жанындагы унааны жардырууга аракет кылган жана 2011-жылдын январында үч милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталууда.

Автор: Азат Рузиев 

Редактор: Александра Ли