БШК: Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун акыркы жыйынтыгы апта аягына чейин даяр болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын шаардык жана айылдык кеңештерин шайлоонун жыйынтыктары 15-декабрга чейин даяр болоорун билдирди. Алгачкы жыйынтыктар ноябрдын аягында эле белгилүү болгон, ага ылайык, Бишкекте социал-демократтар жеңишке жеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Болот Усупбаев Kloop.kgге берген маегинде шайлоолордун акыркы жыйынтыгы апта соңуна чейин даяр болоорун айтты.

«Биз шайлоолордун жыйынтыгын 15-декабрда, же ага чейин чыгаралы деп пландап жатабыз», – деди Усупбаев.

Бөлүм жетекчиси кээ бир партиялар шайлоонун өтүү процессине нааразы болуп, жыйынтыктар боюнча сотко даттанууга аракет кылып жаткандыктарын айтты.

«Алсак, КСДП партиясы Жети-Өгүз районундагы жыйынтык боюнча сотко арыз берди. “Республика” болсо Кызыл-Кия шаары боюнча», – деди Усупбаев.

Кыргызстандын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда болгон. Добуштардын болжолдуу саналышы боюнча, Бишкекте добуштардын 33 пайызына ээ болуп, КСДП партиясы жеңишке жеткен. Андан бир топ эле аз добуш алган «Республика» жана «Ата-Мекен» партиялары да шаардык кеңешке өткөн.

Шайлоого Бишкектин жашоочуларынын 36 пайызы, же 124 миң киши катышкан.

Партиялар менен укук коргоо уюмдарынын байкоочулары көптөгөн мыйзам бузуулардын — «айлапма», урналарды алып чыгып кетүү, добуштарды сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар болгондугун билдиришкен.

Шайлоолордун өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүп келген «Демократия жана жарандык коом үчүн» коомдук бирикмесинин башчысы Динара Ошурахунова өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына бийликтегилер мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды карабай жаткандыгын жазган.

«Коалиция 25-ноябрда Бишкек шаардык прокуратурасына шаардын №16 шайлоо тилкесинде даярдалып жаткан айлампа ыкмасы тууралуу келип түшкөн маалыматты текшерип берүү тууралуу арыз менен кайрылган. Бирок шаардын көзөмөл органы маалыматты текшерүү мүмкүн болбогондугун айтып жооп берди», — деп жазган Ошурахунова.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу «мыйзам бузуулардын» эң көп талкууга алынганы «Республика партиясынан айлампа» деген видео болгон - анда партиянын мүчөлөрүнө окшогон адамдар добуш бергендерди кайрадан киргизүүнү пландап, талкууга алып жаткандыгы тартылган.

Бишкектин шаардык кеңешиндеги орундарга 23 партия ат салышкан.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли