«Газпром» Экономика министрлигинин сунушу менен бензин бааларын төмөндөттү

«Газпромнефть Азия» компаниясы Экономика министрлигинин алдындагы монополияга каршы органдын сунушу менен май куюуучу жайларындагы бензинге болгон бааларды төмөндөттү. Мунай компаниясы азырынча баалардын төмөндөшү боюнча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Эми Бишкектин «Газпром» май куюуучу жайларында А-95 жана А-98 үлгүсүндөгү бензиндер мурункуга караганда 0,2 сомго арзан турат.

А-80 жана А-92 бензининин литри 0,1 сомго арзандады.

Дизелдик майга болгон баалар ошол бойдон эле калган.

«Газпромдун» басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Кымбаттоолор болбойт

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунайга болгон баалардын жогорулашын октябрга болжолдоп жаткан — анда жогорулоонун себеби катары өлкөгө мунайдын 80 пайызын жеткирип турган Орусиядагы күйүүчү майга болгон баалардын көтөрүлүшү айтылган.

Анда ассоциация башчысы Жумакадыр Акенеев октябрдан кийин баалар жогорулабайт деп айткан.

«Эл аралык рынокто мунайга болгон баалар турукташып жатат, бирок өсүү тенденциясы жок», — деген ал.

Улуттук статистика комитетинин версиясы боюнча, «Газпромнефть Азия» Кыргызстандын соода тармагындагы ири компания деп табылган.

«Ишкана соода операциялары боюнча гана эмес, рыноктогу инновациялык кызматтарды киргизүү боюнча дагы лидер болуп эсептелет. Бул жетишкендик — ишкананын жалпы кызматкерлеринин жөнгө салынган ишинин жыйынтыгы», — деп жазылган «Газпром нефть Азия» компаниясынын сайтында ишкананын башкы директору Болот Абилдаевдин айткандары.

Автор: Зарема Султанбекова