Германия Кыргызстандын 8,5 млн евро карыздык түзүмүн өзгөрттү

Германиянын KfW аттуу банкы Кыргызстандын Каржы министрлигинин 8,5 млн. евролук «карыздык милдеттенмелерин алмаштырууга» макул болду, деп жазылган президенттин сайтында. Серепчилер муну эми өлкө карыздарын «акчалай эмес» деле төлөй алат деп түшүндүрүп жатышат. Бирок карыз кандай жол менен кайтарылып берилээри так түшүндүрүлбөй эле.

Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы «карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу» жөнүндөгү келишимге 10-декабрда, Берлинде кол коюлду.

«III- Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү карыздык милдеттенмелерин конверсиялоонун алкагында, Финансы министрлиги («карыз алуучу») аркылуу 8 500 000 евро суммасында KfW, Франкфурт-на-Майне ("KfW") менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө келишимге кол коюлду», — деп жазылган президенттин сайтында.

Экономика тармагы боюнча серепчи Жумакадыр Акенеев Kloop.kgге берген маегинде эми Кыргызстан карыздарын акчалай эмес деле кайтарып бере алаарын билдирди.

«Эгер биз кайсы бир немис банкына канча бир сумма акча карыз болсок, [...] анда биз аны акчалай эмес, башка бир нерселер менен деле кайтарып берсек болот. [...] Бул өтө жакшы», — деди Акенеев.

Серепчи түшүндүргөндөй, эми өлкө банкка карызын үчүнчү тарап аркылуу - мисалы Германия мамлекети аркылуу кайтарып бере алат.

Тараптар макулдашууга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдын Германияга болгон иш сапарынын алкагында жетишишти — бул Атамбаевдин өлкө башчысы катары Европага биринчи жолу барышы.

Өлкөлөр маданият, билим берүү жана медицина тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууларга келишти, деп жазылган президенттин сайтында.

KfW (Kreditanstalt für Wiederaufbau) — мамлекеттик немис банкы - ал «Global Finance» журналы түзгөн дүйнөнүн эң ишенимдүү банктарынын рейтингинде 2009-2010-жылдары биринчи орунга ээ болгон.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 2 миллиард 900 миллион сомду түзөт.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Beek100