Жалал-Абад: Шайлоодогу добуштарды кайрадан санап чыгуу талабы менен жети партиянын өкүлдөрү митинг өткөрүп жатат

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жеңилип калган жети партиянын өкүлдөрү «мыйзам бузуулар» болгондугун айтып, добуштарды кайрадан санап чыгуу талабы менен Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратынын алдына митингке чыгышты. Аймактык шайлоо комиссиясы мыйзам бузуулар тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагууда.

Митингке 50 киши катышты, алар — «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш-Современник», «Республика», «Акшумкар», «Ата Мекен», КСДП жана «Эгемен Кыргызстан» сыяктуу бийликчил жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрү.

«Эгемен Кыргызстан» партиясынын өкүлү Максатбек Жээнбековдун айтымында, шайлоонун жүрүшүндө «мыйзам бузуулар» болгондуктан шайлоочулар добуштарды кайрадан санап чыгууну талап кылып митингке чыгышкан - Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоонун жыйынтыгында учурдагы шаар башчысы Бакыт Адыловдун «Өнүгүү» партиясы жеңишке жеткен.

Жээнбеков шайлоонун жүрүшүндө байкоочулар тарабынан «айлампа» ыкмасын колдонуу, добуштарды алмаштыруу, каттоосу жок тилкелерден добуш берүү сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталгандыгын, бирок аймактык шайлоо участкасы далилдер жок деп аларды кароодон баш тартып койгондугун айтты.

«Мыйзам бузуулар өтө эле көп, инфаркт болушу мүмкүн», — деди Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде.

«Өнүгүү» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Жолдошев шайлоолордо мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.

«Шаардын мэри партиянын мүчөсү да эмес. Ал шайлоодо бардык партиялар үчүн бирдей шарттарды түзүп берди. Башка партиялардын бизди айыптап жатышы кадыресе эле көрүнүш. Биздин партия эч кандай айлампа ыкмаларын колдонгон жок», – деди Жолдошев.

Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Айсуулу Пиязова шайлоо аяктаары менен байкоочулардан келип түшкөн актылар комиссия тарабынан каралгандыгын, бирок добуштарды кайрадан санап чыгууга негиз табылбагандыгын айтты.

«Алар актыларды далилсиз эле алып келишкен. Эч кандай факты болгон эмес. Алар айлампа ыкмасы колдонулгандыгын айтып, бирок кайсыл тилкелерде болгондугу, шайлоочулар кайсы унаалар менен алынып келингендиги тууралуу эч маалымат жок болгон», — деди катчы.

Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Дубаева байкоочулар тарабынан катталган мыйзам бузуулардын бардыгы Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилгендигин айтты.

Боршайком комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болуп жатат.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда өткөн. Бишкекте добуштардын 33 пайызына ээ болуп социал-демократтар жеңишке жетсе, Жалал-Абадда 35 пайыздык добуш менен «Өнүгүү» партиясы жеңген.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Алексей Ким