Бишкек ШИИБсинин башчысы: Журналисттер сүрөткө тартып алган «Гелендваген» үлгүсүндөгү унаа досума таандык

Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелис Турганбаев Kloop.kgге берген маегинде журналисттер менен болгон жолугушуусуна айдап келген «Мерседес-Гелендваген» үлгүсүндөгү унааны досунан «ижарага» алгандыгын билдирди. Унаанын кымбат баалуулугу дароо эле Кыргызстандын интернет коомчулугунун эпкиндүү реакциясын жаратты.

Турганбаев журналисттер менен жолугушкандан кийинки күнү унаа ага таандык эместигин билдирди.

«Менин эч кандай — өзүмдүн да, кызматтык да унаам жок, аны досуман алгам. Мен жөө жүрмөк белем, ижарага алып айдайм. Ал менин унаам эмес», — деди Турганбаев Kloop.kgнин журналисти менен сүйлөшүп жатып.

Ал үй-бүлөсүнүн 2001-жылкы бир гана унаасы бар экендигин айтты.

«Учурда үй-бүлөм колдонуп жүргөн 2001-жылкы оң рулдуу бир эле унаам бар. Болду», — деди Бишкектин башкы милиционери.

Турганбаев 12-декабрда журналисттер үчүн уюштурулган Бишкек шаардык милиция бөлүмдөрү боюнча жүргүзүгөн рейдке «Гелендваген» үлгүсүндөгү унаа менен келген.

Ал рейддин жүрүшүндө журналисттерге шаардык милиция бөлүмдөрүнүн начар абалын көрсөтүп, андагы шарттардын начардыгы кылмышкерлерди колго түшүрүүгө терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып берген.

Анын унаасы тартылган сүрөттү «К-Ньюс» маалымат агенттиги өзүнүн фоторепортажында басып чыгарган. Ал басылып чыгаары менен унаа жөнүндөгү тема Кыргызстандагы эң популярдуу форум - «Дизелде» пайда болду.

Topor деген колдонуучу Турганбаев «Гелендваген» менен келип жүргүзүлгөн рейддин маанисин жокко чыгарды деп эсептейт.

«Бул рейд акчанын жетишсиздигин жана бардыгы начар экендигин көрсөтүү үчүн уюштурулган. Күч түзүмүндөгүлөр дагы өкмөттүн аянычын жаратууну каалагандыктарын көп деле жашырышкан жок. А жыйынтыгында болсо — аяныч туудурбастан күлкүлөрүн келтирди», — деп жазган ал.

PLANER аттуу колдонуучу ШИИБнин башчысы кызматтык унаасы менен келиши керек болчу деп эсептейт.

«Адамдарды үркүтпөш үчүн кызматтык унаасы менен деле келсе болмок», — деп эсептейт ал.

Алар бул окуядан өлкөнүн масштабындагы көйгөйдү көрүп жатышат.

«Адам өзүнүн ач, жакыр элине алтын жылкысы менен келип даттангандай болду. [...] Бул чиновниктердин бардыгына тиешелүү, бийликтин жогорку бутагынын бузулушу», — деп жазган ToqumBashi kak po Vashi деген колдонуучу.

Бирок Турганбаевди колдоп чыккандар да болду.

«Бул контексте Турганбаевдин жеке капчыгын, мамлекеттин бюджетин жана ИИМ кайсыл жактан каржылана турганын талкууга алуу туура эмес. Мүмкүн Мелистин жубайы бизнесмендир?» — деп жазат madamZ аттуу колдонуучу.

Автор: Бектур Искендер жана Динара Айдинова