Футбол: Кыргызстан Чакыруу кубогунун тандап алуу бөлүгүндө Тажикстан менен бир топто

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия курама командаларынын арасында маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда турган мелдештин тандап алуу бөлүгүндө коңшу Тажикстан, ошондой эле Пакистан жана Макао өлкөлөрү менен бир топко туш келди.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия чөлкөмүндө маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда турган мелдештин тандап алуу бөлүгүндө кайрадан коңшу Тажикстан менен бир топко туш келип калды - ал топто ошондой эле Пакистан жана Макао өлкөлөрү дагы бар.

Кыргызстан жана дагы үч командадан куралган B тобунун оюндарынын бардыгы тең 2013-жылдын мартында, Бишкектеги Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Жалпысынан тандап алуу бөлүгүндө беш топко бөлүнгөн 20 курама команда катышат.Топтун жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган командалар мелдештин 2014-жылы боло турган финалдык бөлүгүнө өтүшөт.

Топтордун курамы 11-декабрда, Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында чүчүкулак аркылуу аныкталды.

В тобунун фаворити катары Кыргызстан менен Тажикстан эсептелет - топтогу атаандаштарына караганда алардын мелдешке катышууда ийгиликтүү тарыхы бар.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов Кыргызстандын тандап алуу оюндарын Бишкекте ойногону жатканын эске алып, улуттук курама команда топтон чыгууга милдеттүү деп эсептейт.

«Тажикстан — бул негизги атаандаш. Мүмкүнчүлүктөр бирдей, бирок кантсе да Кыргызстан өз талаасында, өзүнүн колдоочулары менен ойноп жаткандыктан жеңишке жетиши керек», — деди Асенов топтун курамын комментарийлеп жатып.

Кыргызстан өз тарыхында аталган мелдештин тандап алуу бөлүгүнүн оюндарын экинчи жолу өз талаасында кабыл алганы жатат — 2008-жылы да C тобунун тандап алуу оюндарынын бардыгы Бишкекте өткөн.

Футбол федерациясы 2013-жылдын мартында жаандуу аба ырайы болсо Өмүрзаков атындагы стадиондун көкмайсанында көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деп кооптонуп жатат.

«Мартта суук, баткак болот. Бирок бийликтегилер жардам берип, оюндарды татыктуу өткөрүп алабыз деген үмүттөмүн», — деди Асенов Kloop.kgге берген маегинде.

Чакыруу кубогунун жеңүүчүсү 2015-жылкы Азия чемпионатына катышуу укугуна ээ болот.

Аймактык атаандаштык

Кыргызстан менен Тажикстан 2012-жылдагы Чакыруу кубогуна өтүү үчүн өткөрүлгөн оюндарында да бир топто болушкан.

Анда Тажикстан күчтүүрөөк кылып Кыргызстанды 1:0 эсебинде жеңип, мелдештин финалдык бөлүгүнө өткөн.

Анда Кыргызстан финалдык бөлүккө өтпөй калган.

Чакыруу кубогу - Азиянын эң алсыз курама командаларынын арасында өткөрүлө турган мелдеш экендигине карабастан Кыргызстан ага төрт ирээт катышып финалдык бөлүккө эки гана жолу өткөн.

Кыргызстан үчүн алардын эң ийгиликтүүсү 2006-жылы Бангладеште өткөн алгачкы мелдеш болгон - анда Кыргызстан жарым финалдык бөлүккө чейин жетип Тажикстандан 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Автор: Бектур Искендер жана Тилек Бейшеналиев