Салык кызматы Бишкектеги 13 кафеге спирт ичимдигин сатууга тыюу салды

Салык кызматы Бишкектеги билим берүү мекемелеринен алыс эмес жайгашкан кафелердин спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берген лицензияларын токтотту. Сурамжыланган тамактануу жайларынын жетекчилери тыюу салуунун кесепетинен алардын кардарлары менен кирешелери азаят деген пикирлерин билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мекеме Бишкек шаарындагы 21 соода жайынын спирт ичимдигин сатууга уруксат берген лицензиясын токтоткон - алардын 13ү кафе жана ресторандар.

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган кафе-ресторандардын тизмесине төмөндөгү тамактануу жайлары кирген:

  • «Хого Виктория» кафеси
  • «Чон Ги Ва» кафеси
  • «Таксим Балтика» кафеси
  • «Ниагара» кафеси
  • «Триада» кафеси
  • «Москва» кафеси
  • «Консул» рестораны
  • «Кебабистан» кафе
  • «Шишабар» кафе
  • «Мажор» кафе
  • «Хобан» кафеси
  • «Трактир Пирогофф Водкинъ» кафеси
  • «Рио» кафеси

Сайттагы маалыматка ылайык, буга аталган тамактануу жайларынын билим берүү мекемелерине жакын жайгашкандыгы себеп болгон.

«Сатууга тыюу салынган жерлер бар – билим берүү мекемелеринен жүз метр алыстыкта сатылышы керек. Бул тыюу салуу андагы балдардын ден соолуктарынын пайдасы үчүн киргизилген», – деген Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге берген маегинде.

Спирт ичимдиктерин алуу боюнча тартылган видеону бул жерден көрсөңөр болот.

«Мажор» кафесинин администратору лицензиялардын чакырылып алынышы менен алардын кирешеси бир топ эле азайып калаарын айтты.

«Биз буга чейин таап жаткан акчаны таппай калабыз», –деди ал.

Спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган «Чон Ги Ва» кафесинин жетекчилиги атаандашынын даттануулары менен толук макул. Ишкананын администрациясы кардарлардын саны да кыйла азайып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Салык кызматы 5-декабрдан баштап Бишкектин соода жайларын текшере баштаган. Кызматтын басма сөз катчысынын айтымында, эми алар өлкөдөгү спирт ичимдиктери менен соода кылган бардык жерлерди текшерет.

Автор: Нурия Рыскулова

Редактор: Александра Ли