Ташиевдин ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу жактоочусу депутатты тергөө абагынан чыгарууну өтүнүп жатат

«Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин жактоочусу депутаттын абалы күн өткөн сайын начарлап жаткандыгын билдирди. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети парламентарийди «өтө начар» шарттагы камерага которуп, бир күн бою тамак бербей койгондугун билдирүүдө. УКМКнын басма сөз кызматы жактоочунун бул билдирүүсүн четке какты.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде ал жактоого алган депутаттын ден соолугу күн өткөн сайын начарлап жаткандыгын билдирди.

«Мен бардым, тергөөчү аны тергөө кабинетине алып келүү буйругун берди, бирок аны алып келишкен жок [...] Анын ашказаны ооруп жатат», – дейт жактоочу.

Айткуловдун айтымында, өткөн аптада Ташиевди башка камерага которуп, бир сутка бою тамак бербей коюшкан.

«Бир нече күн мурун электр жарыгы өчүп калды деп аны башка - шарты начарыраак камерага которушкан [...] Мен ага кирсем ал: “Мен бир сутка бою эч нерсе жеген жокмун, ьамак беришкен жок”деди», – деп билдирди «Ата-Журттун» лидеринин жактоочусу.

Айткулов ал жактоого алган депутаттын баш коргоо чарасын башкага - камакка алууга байланышпаганына өзгөртүүнү соттон өтүндү.

Бишкек шаардык соту жактоочунун бул өтүнүчүн 14-декабрда карайт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Нурлан Токталиев Ташиевге тамак берилбей калмак эмес деди Kloop.kgге.

«Бизде андай жок, үч түрлүү тамактандыруу. Бардыгына бирдей тамак берилет», – деп билдирди Токталиев.

Басма сөз катчы ошондой эле камералардын бардыгынын шарттары бирдей экендигин айтты.

«Негизинен камералардын бардыгы окшош, алар жаман жана жакшы болуп бөлүнбөйт. Бардыгы стандарттуу», – деди Токталиев.

Ташиев бир миңдей киши катышкан «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деген шек менен кармалган.

Анда нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган. Тосмодон ашып өткөндөрдүн арасында «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Кийинчерээк ал тосмону ашып өткөндүгүнө өкүнүп жаткандыгын айтып, бирок өз дарегине айтылып жаткан айыптоолордун бардыгын четке кага тургандыгын кошумчалаган.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли