«Ата Мекен» талапкерлерин шаардык кеңештеги орундарынан баш тартууга «аргасыз кылды»

«Ата-Мекенден» Бишкек шаардык кеңешке талапкерлер эки аял-талапкерди тизмедеги орундарынан жылууга аргасыз кылып,   «басым жасашты». Партиянын шаардык кеңешинин төрагасы бул маалыматты четке кагып жатат.

11-декабрда партиянын эркектери эки партиялашы - Светлана Загинайло менен Минара Якуповаларды өз орундарынан баш тартууга «мажбурлады», деп билдирди партиядагы аты-жөнүн айткысы келбеген булак Kloop.kgнин журналисттерине.

«Алар талапкер Светлана Загинайлону кармап туруп алышып, акыры аны өз орунунан баш тарткандыгы тууралуу арыз жазууга мажбурлашты. Жыйынтыгында,  БШКдан чыгып бара жатканда Светлана Загинайло ыйлап чыкты», – деди булак.

Окуя 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү Боршайкомдун имаратында болгон. Анын эртеси  БШК 25-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо депутаттыкка өткөн талапкерлердин тизмесин жарыялаган.

Азырынча «Берекет» акционердик коомунун директору Загинайло комментарий алуу үчүн жеткиликсиз  болуп жатат.

«Коалиция жана жарандык коом үчүн» укук коргоо уюмунун башчысы  Динара Ошурахунова талапкер-аялдарга «басым» жасалып жаткандыгын угаар замат БШКнын имаратына барган.

Ал басым жасоо фактысынын өзүн көргөн эмес, бирок Kloop.kgнин кабарчысына ыйлап жаткан Загинайлону көргөндүгүн ырастады.

«Ал ыйлап, мени менен сүйлөшүүдөн баш тартып койду», — деди Ошурахунова.

Тизмени шайлоодон кийин алмаштырып коюшту

«Ата-Мекен» — оппозициялык «Республика» партиясындай эле — өз тизмесин шайлоого чейин жарыялангандагыдан бир топ эле өзгөрттү.

Шайлоого чейин партиянын шаардык кеңешке өткөн азыркы талапкерлеринин үчөө гана тизменин алдынкы жетилигинде болгон - алардын арасында учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко дагы болгон.

Светлана Загинайло тизмеде 6-орунда турган жана шаардык кеңешке өтүшү керек болчу, бирок аны 15-орунда турган Бишкектин №66 мектебинин директору Минара Якупованын ордуна которулууга «аргасыз кылышты».

«Ал 6-орундан которулуу боюнча өзү арыз жазган. Бирок ага чейин ордунан жылуу ниети жок экендиги жөнүндө арыз жазганын билем», — деди Динара Ошурахунова.

«Ата Мекен» четке кагып жатат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон  «Ата Мекен» партиясынын шаардык кеңешинин төрагасы Камалдин Токтосартов Загинайлого жасалган басым жөнүндөгү маалыматты четке кагып, булак тарабынан айтылгандардын эч нерсеси болбогондугун билдирди.

«Эгер адам Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына өзү келип, 12 кишинин көзүнчө тизмедеги ордун өзгөртүү боюнча макул экендигин билдирип арыз жазып жатса — кандай басым болушу мүмкүн?», – деди Токтосартов Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, партиянын мүчөлөрү шайлоо тизмесиндеги орундарды алмаштыруу боюнча макулдашып алышкан.

«Талапкерлердин ортосунда рейтингдер алган добуштарга байланыштуу болот деген макулдашуу болгон. Буга байланыштуу азыраак добуш алган талапкерлер өзүлөрү келип, тизмедеги башка орунга которулуу боюнча арыз жазышты», – деп түшүндүрдү Токтосартов.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов Kloop.kgге берген маегинде Загинайло менен Якупова буга чейин тизмедеги орундарын өзгөртүүнү каалап жаткандыктары жөнүндө арыз жазгандыгын ырастады.

Ал талапкерлердин кайсыл орундар менен келе тургандыгын партия өзү чечээрин жана аймактык шайлоо комиссиясы ага кийлигишпестигин айтты.

«Аларда гендердик баланс баары бир сакталган. Биз гендердик балансын карап көрдүк, ал эми анда Загинайло, Якупова, Сидоровабы же Ахматова болобу бизге айырмасы жок. Ал партиянын ичиндеги өздөрүнүн иши», — деди Маматов.

Автор: Динара Айдинова