Кыргызстан 2013-жылы БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинен чыгат

Кыргызстандын БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешиндеги мүчөлүгүнүн үч жылдык мөөнөтү аяктап жатат. Укук коргоочулар Кыргызстан үчүн Кеңеште мүчө болуп туруу «ардактуу» болгондугун айтып жатышат.

Кыргызстан 2009-жылдан 2012-жылга чейин дүйнөнүн башка 46 өлкөсүндөй эле БУУнун ири укук коргоочу структурасынын ишине катышып, 287 документтин кабыл алынышына өз салымынын кошту, деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

«Кыргызстан мындан ары да Кеңештин ишмердүүлүгү менен бул тармактагы башка Эл аралык органдарга колдоо көрсөтүүсүн улантып, укук коргоо тармагындагы активдүү эл аралык кызматташтыкты жактаган өлкө катары кала берет», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Өлкө бир жарым жыл Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Гүлнара Искакованын өкүлчүлүгүндө Кеңештин вице-төрагасы болуп турган.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан үчүн Кеңеште мүчө болуп туруу кадырлуу болгондугун айтты.

«Мүчөлүк Кеңештин ишин уюштуруп, чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мүчөлүк бул ардактуу орун, мамлекетти таануу. Биз үчүн бул өлкөнү популяризация кылуу», — деди Кабак.

БУУнын Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү Кеңештин 47 мүчөсүн тандап алышат - алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жыл болот. Шарт боюнча мүчө өлкөлөрдүн бири дагы катары менен эки мөөнөткө тандалып алынбайт.

Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосунда адам укуктары тармагында жашоого, ден соолукка, оюн эркин айтууга болгон укуктардан баштап мыйзам алдындагы бирдей укуктуулук жана никелешүү укуктарына чейин пикир алуушулар болот.

Кайсы бир себептерге байланыштуу өлкөнүн кеңештеги мүчөлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн - 2011-жылдын 1-мартында «адам укуктары системалуу түрдө одоно бузулган» деген айып менен Ливиянын Кеңештеги мүчөлүгү токтотулган.

Автор: Зарема Султанбекова