Бишкек: №13 мектеп окуучулардан акча «талап кылгандыгын» танып жатат

Эки эгиз окуучу кыздын апасы №13 мектептин мугалими администрация үчүн деп  акча «талап кылгандыгын» айтып даттанып жатат. Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Юлия Красницкая айыптоолорду четке кагууда.

Кыздары №13 мектепте окуган Эльмира Манапова аталган билим берүү мекемесинин мугалими Наталья Алексеева андан сегиз миң сом «талап» кылгандыгын айтып акыйкатчы Турсунбек Акунга даттанды.

«Класс жетекчи Наталья Алексеева мектептин администрациясынын эсебине акча төгүүнү талап кылган», – деп жазылган акыйкатчынын сайтында.

Сайтта жазылган маалымат боюнча, качан Манапова мугалимге анча акча төлөй албастыгын айтканда ал талап кылынган акчанын суммасын төрт миңге, акырында эки миңге чейин азайткан.

Кыздардын апасы Алексеева анын кыздарын «мартышкалар» деп атап, «кемсинткендигин» да айтып даттанган.

Өз кезегинде директордун милдетин аткаруучу Юлия Красницкая Манапованын айыптоолорун четке кагууда.

«Акча чогултуу боюнча айтылган маалыматтардын бардыгы толугу менен жалган», – деди ал Kloop.kg.

Красницкая Алексееванын окуучу кыздарды «мартышка» деп атагандыгын танбайт – ал аны эгиз кыздар сабак учурунда «тентек кылып» жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Алардын бирөө сабак учурунда күлүп отурган. Алексеева салыштырма түрдө: “сен өзүңдү мартышкадай алып жүрүп жатасың” деп эскертүү берген», – деди ал.

Красницкая мектептин директорунун милдетин аткаруучу болуп октябрдын аягында дайындалган. №13 мектептин ага чейинки директору Гүлайым Алиеванын үстүнөн учурда тергөө жүрүп жатат. Ал 2008-2011-жылдардын аралыгында 50 млн сомдук «коррупцияга» тиешеси бар деп шектелип жатат.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли

Фото: Мария Гребнева