Бишкекте кургак учук менен ооруган камактагылар үчүн дарылоо борборлору курулат

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Бишкектин эки абагында кургак учук менен ооруган камактагылардын дарылануусу үчүн адистештирилген борборлорду курат. Жаза аткаруу мамлекетти кызматынын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө камактагылардын 300дөн ашыгы ооруйт.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин басма сөз катчысы Светлана Швачева Kloop.kgге берген маегинде дарылоо борборлору 2013-жылдын ичинде Бишкектин №27чи жана №31чи абактарынын аймагында курула тургандыгын билдирди.

«Ал жер суу жана жылуулук менен камсыздалып, кургак учукту дарылоонун жаңы технологиялары болот. Оорулуулар бири-бири менен көп байланышпайт, бири-бирине ооруну жуктуруп, күчөтүп албаш үчүн аларды бөлмөлөргө туура бөлүштүрүү керек», – деди Швачева.

Ал дарылоо борборлору 2013-жылдын аягына чейин курулуп бүткөрүлөөрүн билдирип, №31чи абактын аймагына курула турган дарылоо жайынын пайдубалы түптөлгөндүгүн кошумчалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф дарылоо жайлары курулса кургак учук менен ооругандардын саны азаят деп эсептейт.

«Бул дени сак адамдардын оорубашы үчүн жардам берет [...] жана биздин иш үчүн да пайдалуу болот», – деди Никсдорф.

Ал учурда Кыргызстандын абактарында 10 миңдей адам бар экенин жана алардын 338и кургак учук менен ооруй тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Никсдорф кургак учактан жылына канча камактагы адам каза болоору тууралуу маалыматты бере албайтыгын айтты.

Автор: Нурия Рыскулова

Редактор: Нуржамал Жаныбекова