Эгембердиев УКМКнын «басым жасоолоруна» карабастан муфтий болуп шайланды

Рахматулло ажы Эгембердиев Мусулмандар дин башкармалыгындагы «экономикалык кылмыштар» боюнча козголгон кылмыш ишине катышып жаткандыгына карабастан 15-декабрда муфтий болуп шайланды. Буга чейин ал атайын кызматтагылар менен Атамбаевдин кеңешчиси тарабынан ага карата басым жасалып жаткандыгын айтып даттанган.

Эгембердиев 15-декабрда Бишкекте өткөн курултайда Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланды.

Эгембердиевдин орун басары Саясат ажы Жумановдун айтымында, курултай мыйзам бузууларсыз өткөн.

«Бардыгы демократиялуу болду, эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Адамдардын бардыгы ыраазы, биз дагы ыраазы болуп жатабыз», — деди Жуманов шайлоо аяктаар замат Kloop.kgге берген маегинде.

Июлда муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эгембердиев үчүн Кыргызстандын Уламалар кеңешинин 35 мүчөсүнүн 25и добуш берди.

Мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов Курултайга катышкан жок.

Жаңы уставка ылайык, муфтий мурункудай төрт жылга эмес беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Экономикалык кылмыштар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 14-декабрда муфтиятты ажылык сапарды уюштуруудагы «экономикалык кылмыштарга» айыптагандан кийин муфтийди шайлоо ММКлардын өзгөчө назарын бурду.

Мурунку муфтий Жалиловго белгиленген аймактан чыкпоо жөнүндөгү баш коргоо чарасы белгиленди.

Эгембердиев 14-декабрда ага карата УКМК менен президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдор тарабынан басым жасоолор болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

Эгембердиевдин айтымында, аны атайын кызматтагылар менен Ниязов муфтийди шайлоого катышпай эле коюууга көндүрүүгө аракет кылышкан.

Kloop.kg Ниязов менен байланыша алган жок, УКМК буга чейин тараткан пресс-релизинен башка кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты – анын таркаткан пресс-релизинде кылмыш ишинин козголгондугу боюнча факт гана көрөтүлгөн болчу.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма  сөз катчысы Эсен Өмүракунов экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш ишинде Эгембердиев күбө катары гана өтүшү мүмкүндүгүн айткан.

Автор: Эльдос Казыбеков