Өзбекстан менен Орусия «Камбарата-1дин» экспертизасы боюнча макулдашышты

 «Камбарата-1» ГЭСин куруу Эл аралык көз карандысыз экспертизаны талап кылат – мындай чечим Орусия менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынды, деп билдирип жатышат чет элдик маалымат агенттиктери.

13-декабрда өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Орусиянын вице-премьери Дмитрий Козак күмөндүү ойлорду  жаратып жаткан суу ресурстарын калыстык менен пайдалануу маселеси көз карандысыз экспертизадан өтүшү керек деди, деп жазган «Trend» маалымат агенттиги.

Биринчи вице-премьер Рустам Азимов келишилген макулдашууга ыраазы бойдон калды, деп билдирген маалымат агенттиктин сайтында.

Азимов Сырдарыянын жогорку куймасы болгон Нарын дарыясындагы гидротехникалык курулуштардын бардыгы БУУнун камкордугу астындагы көз карандысыз, Эл аралык экспертизадан кийин гана каралып башташы мүмкүн деди, деп билдирет «Росбалт» маалымат агенттиги.

«Аны менен катар аймакта сууну колдонуу маселесин ага аймактан сырткаркы күчтөрдүн кийлигишүүсүсүз эки тараптуу макулдашуунун негизинде гана чечүү керек», — деп жазат «Росбалт» өзбек вице-премьеринин сөзүн.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Казакстанга болгон иш сапарында «Камбарата-1» ГЭСинин курулушуна каршы пикирин билдирген — ал суу ресурстары борборазия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди курчута турган көйгөйлөргө айланышы мүмкүн деп эсептейт.

Орусия менен Кыргызстан «Камбарата-1» менен Жогорку Нарын каскадынын курулушу боюнча макулдашууга Орусия президенти Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкекке болгон иш сапары учурунда кол коюлган.

Анда Орусия Кыргызстандын дээрлик 500 миллион доллар карызын кечкен – ал өлкөнүн тарыхында эң көп суммадагы кечилген карыз болуп калган.

Автор: Зарема Султанбекова