Бишкекте апта аягына чейин суук болот

Жакынкы күндөрү Бишкектеги абанын температурасы суук бойдон калат — Гидромет борборунун маалыматы боюнча, бейшембиге чейин абанын эң жогорку температурасы минус 12 градус болот. Би-би-синин болжолдоосунда, бейшембиден баштап аба ырайынын жылып башташы күтүлүүдө.

Кыргызгидромет аба ырайынын чукул өзгөрүүсү тууралуу билдирүү таратты — 18-декабрдан 20-декабрга чейин Бишкекте кар жаашы күтүлүүдө, абанын күндүзгү температурасы минус 12-14 градус, түнкүсүн минус 18 градуска чейин суук болот.

Би-би-синин аба ырайы тууралуу божомолдоосунда да ушундай эле маалыматтар көрсөтүлгөн — Бишкекте 18-19-декабрь күндөрү да кар жаап,минус 11 градус болот.

Би-би-си билдиргендей, 20-декабрда Кыргызстандын борборунда абанын температурасы бир аз жылып, күндүз термометрдин көрсөткүчү минус 7 градус болот.

Бишкекте төмөнкү температура 12-декабрдан бери сакталып келүүдө.

Абанын максималдуу температурасы 16-декабрда минус 12,6 градус болгон, а 17-декабрда болсо борбордо максималдуу температура минус 12ден минус 15ке чейин өзгөрүп турду.

Абанын муздак температурасы Казакстандан көгүлтүр от алып келүү көйгөйү менен коштолууда, буга байланыштуу «Кыргызгазга» борбордогу жеке сектор колдонуучулары менен Бишкектин айланасындагы айылдардын газын өчүрүүгө туура келди.

Суук күндөрдөгү көгүлтүр оттун жок болуусу борбордо аз адам катышкан алгачкы митингдердин башталышына алып келди.

«Кыргызгаз» бишкектиктерге көгүлтүр от аба ырайынын жылышы менен келээрин айтып убада берүүдө.

Көгүлтүр отту алып келүү көйгөйү тууралуу кененирээк

Бишкектеги кышкы аба ырайы тез-тез өйдө-ылдый болуп жатат — 6-декабрда борбордо декабрдын эң жылуу күнү катталган, анда термометрдин көрсөткүчү +19,5 градуска чейин көтөрүлгөн.

Автор: Зарема Султанбекова