«Кыргызгаз»: Бишкектиктерге көгүлтүр от берүү «бир аптадан кийин» калыбына келтирилет

«Авариялык кырдаалдарды алдын алуу үчүн» Бишкек менен Чүй облусунда газ берүүнү токтотуу улантылууда. «Кыргызгаз» көгүлтүр от «бир аптадан кийин» берилет, деп убадалап жатат. Газдын жетишсиздиги Казакстандан көгүлтүр от алып келүүнүн азайгандынан улам пайда болгон.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген «Кыргызгаздын» өкүлү Бишкектин жеке секторундагы колдонуучулар үчүн газ «бир аптадан кийин», аба ырайы бир аз жылыганда берилээрин Kloop.kgнин журналистине айтты.

Көгүлтүр от берүү андан эртерээк да калыбына келтирилиши мүмкүн, бирок бул борборазиялык деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө байланыштуу болот деди ал.

«Өзбектер казактарга газды нормалдуу берип баштаса эле казактар бизге жөнөтөт», — деди ал.

«Эгер бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилсе газ эки-үч күндөн кийин берилиши мүмкүн, а эгер андай болбосо — дагы бар апта газ жок болот», — деди «Кыргызгаздын» өкүлү.

Дем алыш күндөрү газ түтүктөрүндөгү басымдын төмөндөшүнөн улам Бишкектин 76 газ жөнгө салчу пунктарында көгүлтүр от өчүрүлдү, деп билдирген «Кыргызгаз» өз пресс-релизинде.

Бул «авариялык кырдаалдарды алдын алуу үчүн» жасалды, дейт газ бөлүштүрүү компаниясы.

14-декабрдан бери Бишкектин жеке сектору дээрлик толугу менен - Пишпек, Кызыл-Аскер жана жумушчулар шаарчасы сыяктуу бөлүктөрү, ошондой эле шаар четиндеги Орто-Сай, Чоң-Арык, Маевка, Төмөнкү Ала-Арча жана Лебединовка айылдары көгүлтүр отсуз калууда.

Буга чейин Бишкектин 13 ишканасында газ берүү токтотулган, алардын арасында Жылуулук электр борбору, «Кока-Кола» заводу жана бал муздак чыгаруучу «Шин-Лайн» заводдору да болгон.

Көгүлтүр отту өчүрүү «Казтрансгаз» газ берүүнү саатына 30 миң куб метрге азайткандан кийин башталган, деп билдирүүдө «Кыргызгаз».

Муну менен катар Кыргызстандын түндүгүндөгү газ колдонуу саатына 38 миң куб метрди түзүп жатат.

Бул кырдаалды «Казтрансгаз» өзүнүн кыргыз кесиптештерине жазган катында «өзбек газынын чектелгендиги», ошондой эле «Казакстандын түштүгүндөгү газдын жетишсиздиги менен» түшүндүргөн.

«Жарыксыз калышыбыз мүмкүн»

Көгүлтүр оттун берилбей калышы Бишкектеги суук аба ырайы менен коштолууда — 12-декабрдан баштап борбор менен Чүй облусунда абанын температурасы бир дагы жолу нөлдөн жогору боло элек.

Көгүлтүр отту тамак даярдоо үчүн гана эмес, жылуулук берүү үчүн да колдонгон Бишкектин жашоочулары эми жүктөлүштөрдөн улам электр жарыгы да өчүп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

«Тамакты да электр энергиясына жасоого туура келип жатат. Элестеткиле... эгер бардыгы бир убакта жасаса кандай жүктөмдөр пайда болот, биздин электр тармактарыбыз аны көтөрө албай калышы мүмкүн», — деди газы өчүп калган ИИМдин мурунку басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов Kloop.kgге берген маегинде.

Kloop.kgнин жаңылыгынын алдына өз комментарийин жазган Елена аттуу колдонуучу ал жашаган Шампанвинкомбинаттын аймагында газ берүү 16-декабрда, башка колдонуучулардан кеч токтотулгандыгын жазган.

«Электр жарыгын жумасына үч-төрт жолудан өчүрүп жатышат. Жүктөлүш көп болуп кеткен учурларда лампочкалар араң эле күйүп калат. Бүгүн болсо газды да өчүрүп салышты. Жакынкы сааттарда электр жарыгын дагы өчүрүшөт — анткени электр тармактары жүктөмдөрдү көтөрө албай калат», — деп жазган ал.

Кыргызстандын карыздары

«Кыргызгаз» ноябрдын аягында да көгүлтүр отту Бишкектин түндүк бөлүгүнө берүүнү эки аптага токтоткон — буга Казакстандын алдындагы карыз себеп болгон.

Көгүлтүр от берүү 27-ноябрда, шаардын башка аймактарындагы газдын басымынын төмөндөтүлүшүнүн эсебинен жарым-жартылай калыбына келтирилген. Борбордун жашоочуларына газ 4-декабрда толук көлөмдө бериле баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын казак жана өзбек газ жеткирүүчүлөрүнүн алдындагы карызы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Автор: Зарема Султанбекова