Бишкек: Милиция кызматкерлеринин унааларына айып төлөөчү терминалдар орнотулат

Бишкек ШИИБси жол эрежелерин бузган айдоочулардын айып төлөөсү үчүн МАИ кызматкерлеринин унааларына атайын терминалдарды орнотууну пландап жатат. Айдоочулар бул жаңылыкты жактырып, бирок ошол эле маалда акчалардын «сол жакка кетип калуу» мүмкүндүгүн да айтып жатышат.

Бишкектин ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде эми жол эрежесин бузган айдоочулар айыпты ордунан эле төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушаарын айтты.

«Милиция кызматкерлери ордунан эле протокол түзүп, аны эреже бузган айдоочуга берет. Эгер ал өзүнүн эреже бузгандыгын моюнуна алып, айып төлөөгө мүмкүнчүлүгү болсо МАИнин унаасындагы терминал аркылуу дароо эле төлөй алат», — деди Сейитов.

Бүгүнкү күндө жол эрежесин бузгандар айыптарды РСК банк менен «Кыргызпочтасынын» бөлүмдөрүндө гана төлөй алышат. Сейитовдун айтымында, аталган жайлар терминалдар киргизилгенде да айып төлөмдөрүн кабыл алуусун уланта берет.

ШИИБнин басма сөз катчысы кошумчалагандай, терминалдардын ишин мекеменин алдындагы атайын түзүлгөн орган көзөмөлдөп турат.

«Учурда айып төлөөдө комиссия эсепке алынган эмес», – деди Сейитов.

Ал унааларга терминалдарды орнотуу үчүн канча каражат сарпталаары азырынча белгисиз экендигин айтты.

«Биз бул долбоорду пландап жатабыз жана ал боюнча адамдардын бир тобу иштеп жатат. 2013-жылдын башталышына чейин канча каражат сарпталаарын жана терминалдар качан орнотулаарын аныктайбыз», – деди басма сөз катчы.

МАИ кызматкерлеринин унааларына атайын терминалдарды орнотуу долбоору Орусиянын мисалында иштелип чыккан.

Айдоочу Дмитрий Kloop.kgге берген маегинде эсептегичтер менен терминалдардын бардыгын «алдап кетүүгө мүмкүн» экендигин айтты.

«Албетте, ыңгайлуураак болот, бирок ал эсептегичтерден «химия» жасашат. Биздин өлкөдө бул демилге максатка ылайыксыз болуп калат, анткени акчалардын бардыгы «сол тарапка кетип калат». Пара алуу күчөй берет», – дейт Дмитрий.

Унаа ээси Зарема терминалдарды орнотуу айдоочулар үчүн ыңгайлуу болот деп эсептейт.

«Көпчүлүк учурда эле айып төлөө үчүн почтамтка барып келсең МАИ кызматкери кетип калган болот. Анан аны менен байланышып, айдоочулук күбөлүгүңдү алуу кыйынга турат», – деди ал Kloop.kgге.

2012-жылдын 11 айында эле Бишкекте бир жарым миңден ашык жол кырсыгы катталган, алардын кесепетинен 86 адам каза болуп эки миңдей киши жаракат алган.

Жыл ичиндеги жол кырсыгынын 500дөн ашык учурунда айдоочулар кырсык болгон жерден качып кетишкен. Мындай кылмыштардын бетин ачуу 29 пайызды гана түзөт.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли