Бишкекте аз камсыз болгондор үчүн нан дүкөндөрү ачылат

Дүкөндөргө нан мэриянын алдында ачылган атайын наабайканадан алынып келинет, нандын баасы 11-12 сом болот. Жалпысынан шаар боюнча бул сыяктуу 30дан ашык дүкөн ачуу пландалып жатат. Сурамжыланган шаар тургундары мындай дүкөнчөлөрдүн пайда болуусун жактырып, жакшы пикирлерин билдиришти.

Бишкек мэриясынын алдындагы муниципалдык наабайкананын технологу Гүлнара Касымбаева ал дүкөндөр калктын турмушу начар жана аз камсыз болгон катмарына арналганы менен андан бардык шаар тургундары нан сатып ала алышат, деп билдирди Kloop.kgге.

«Дүкөндөр пенсионерлер, студенттер сыяктуу кирешелери минималдуу болгон адамдарга арналган», – деди Касымбаева.

Ал соода жайлары эртең мененки саат сегизден кечки саат беш-алтыга чейин иштей тургандыгын билдирди.

Аты-жөнүн айткысы келбеген сатуучу кардардар азыктардын кымбаттыгына «ачууланып» жаткандыктарын Kloop.kgге билдирди. Бирок, айтымында, ундун баасы төмөндөбөсө, алар нандын баасын арзандата алышпайт.

«Эгер ундун баасы арзандаса нан да арзан болот. Бизге арзаныраак алып келип беришсе биз деле арзан сатабыз да», — деди ал.

Кыргыз улуттук университетинин биринчи курсунун студенти Муратбек кызы Сайкал мындай дүкөндөрдүн пайда болушун «жакшы көрүнүш» деп эсептейт.

«Бул укмуш. Бирок мэрия нанды арзан баада сатып ала турган калктын кедей катмарын так аныкташы керек. Мен өзүмдү калктын ал категориясынанмын деп эсептейм, анткени мен студентмин», – деди Муратбек кызы.

Учурда Бишкектин дүкөндөрүндө нан 14 сомдон 40 сомго чейинки баада сатылууда.

Автор: Айзирек Алмазбекова

Редактор: Александра Ли