Депутаттар менен министрлердин туугандары Сатыбалдиевдин өкмөтүнөн четтетилди

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев депутаттар менен министрлердин туугандарын өкмөттөгү кызматтарынан бошотту. Депутаттар кызматтан алынгандардын арасында Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин башчысы, өлкө президентинин кудасы Алымбай Султанов да болушу керек болчу деген пикирлерин билдиришүүдө.

Эми депутаттардын, министрлердин балдары менен туугандары өкмөттө иштебейт — мындай чечимди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кабыл алды.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бул министрлер кабинетинин башчысынын «саясий чечими» экендигин «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына билдирген.

«Талкуулардын жыйынтыгы боюнча, депутаттардын балдары премьер-министр тарабынан кызматтарынан алынды. Бул Жантөрө Сатыбалдиевдин саясий чечими», —деди Сарпашев.

Вице-премьер эми өкмөттө «премьер-министрдин, министрлер кабинетинин жана депутаттардын бир дагы тууганы жок» деп белгиледи.

Өкмөт чиновниктердин канча тууганы кызматтан алынгандыгын так билдирбей эле.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Нурзат Токтогулова бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Себептери түшүндүрүлгөн жок

«Вечерний Бишкек» гезити кызматтан алынган беш адамдын аты-жөнүн жазып чыкты – алардын арасында оппозициялык «Ата-Журт» фракциясы менен парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамына кирген «Ар-Намыс» фракциясынын депутаттарынын  балдары бар.

Атажуртчу депутат Жылдызкан Жолдошева жалпысынан 20 киши кызматтан алынгандыгын Kloop.kgнин журналисттерине билдирди.

Кызы Одина өкмөттүн социалдык бөлүмүндөгү кызматынан четтетилген «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Анвар Артыков Kloop.kgге берген маегинде Сатыбалдиев бул кадамы менен туугандары үчүн «орун бошотту» деп, өкмөт башчысын айыптады.

«Жантөрө Сатыбалдиев орундарды өз туугандары үчүн бошотту. Ал досторун, жердештерин жана туугандарын жыйып алды», — деди депутат Артыков.

Артыков кызматтан алуулардын расмий себептерин эч ким түшүндүрбөгөндүгүн жана аларга башка кызмат орундары да сунушталбагандыгын айтып даттанууда.

Ушундай эле даттануусун анын партиялашы Абдырахман Маматалиев да билдирди – анын уулу Марлен өкмөттөгү реалду сектор бөлүмүн жетектеп келген.

«Аларды кайсыл себептер менен кызматтан алып жаткандыктарын айтышкан жок», — деди Маматалиев Kloop.kgге берген маегинде.

Депутат Жолдошева кызматтан алынгандардын арасында Баңгизатын көзөмөлдөө агенттигинин башчысы, президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы Алымбай Султановдун жок экендигин баса белгиледи.

Жакында эле Султановдун уулу Семетей өлкөнүн Футбол федерациясынын жетекчилигине дайындалган – ал өлкө башчысынын күйөө баласы.

«Эгер ал депутаттардын бардык туугандарын кызматтан кетирип жатса, анда президент Атамбаевдин да туугандарын кызматтан алышы керек», — деп эсептейт Жолдошева.

Автор: Мария Гребнева

Редакторы: Шахида Дүйшеева жана Бектур Искендер