Бишкектеги суу каптоодон жабыркагандар карылар үйүнө жайгаштырылды

Суу каптоодон жабыр тарткан Бишкектин Ала-Арча суусунун жээгиндеги турак-үйлөрдүн жашоочулары карылар үйүнө жайгаштырылды. Мэрия шаарга өзгөчө кырдаалдар режимин киргизди.

15-декабрда Ала-Арча дарыясы нугунан чыгып кетип, суу Рыскулов көчөсүндөгү дээрлик он турак-үйдү каптаптаган. Бишкек мэриясы жабыр тарткандарды убактылуу карылар үйүнө жайгаштырды.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жабырлануучулардын бири Kloop.kgге берген маегинде аларды 17-декабрда №31 мектептин имараты суук болуп кеткендиктен Биринчи май райондук карылар үйүнө жайгаштыргандыктарын билдирди.

«Мектепте эки күн болдук. Бизге төшөнчүлөрдү берип, акимчиликтин талондору аркылуу тамактандырып жатышты. [...] Биздин балдар ооруп калды. Анткени алар алгачкы күнү эч нерсе жеген эмес. Анан сендвич берсек көңүлдөрү айнып, кусуп жиберишти. Үчөө жугуштуу оорулардын ооруканасына жаткырылды», — дейт жабырлануучу.

«Биз балдарыбызды жетелеген бойдон үйдөн чыгып кеткенбиз, эч нерсе алууга жетишкен жокпуз», — деди ал.

Ал Ала-Арча дарыясынын жээгинде он жылдан бери жашаарын жана буга чейин бир дагы жолу суу каптоо болбогондугун кошумчалады. Жабырлануучу суу алардын үйүнө он мүнөттүн ичинде эле жеткендигин айтты.

«Биз балдарыбызды гана алууга жетиштик, коопсуз жайга аскерлер алып келип, №31 мектепке жайгаштырышты», — деди ал.

Жабырлануучу кошумчалагандай, кошуналарынын бир нечеси Бишкектеги туугандарыныкына кеткен, а калгандарын болсо карылар үйүнө эки күнгө убактылуу жайгаштырылды.

Азырынча жергиликтүү бийликтегилер 20сынан кийин жабыр тарткандар кайсыл жерге жайгаштырылаарын билишпейт.

Биринчи май районундагы карылар үйүнүн башчысы Айчүрөк Алышева жабыр тарткандар бул жерде канча убакытка чейин болоорун билбейм деди Kloop.kgге.

«Бул жерге балдар менен аялдарды жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Алардын мында канча мөөнөткө чейин болоорун акимчилик чечет. Бизге жабыр тарткандарга орун бошотуу үчүн бул жердеги кары адамдарды ордуларынын жылдырууга туура келди», — дейт Алышева.

Ленин райадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары Канат Эшматовдун айтымында,  мындан да ири кырсыктардын алдын алуу үчүн дамбалар курулган.

«Биз зарыл болгондуктан жасалма дамба курдук. Анткени кийинки аптада жылуу аба ырайы болсо анда Чоң-Арыктан баштап муздун бардыгы төмөн агып, суу нугунан чыгып кетиши мүмкүн», деди ал.

Ким күнөлүү?

Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев суунун нугунан чыгып кетүүсүнө жашоочулар күнөлүү деп эсептейт.

«Үйлөр сайга өтө эле жакын, кайтарууга алынган жерлерге курулган. Ал эмес тазалоо үчүн барган техника да кырсык болгон жерге өтө албай турат», – дейт Алиев.

Ал учурда дарыянын өзөнү менен жээктерин тазалоо иштери уланып жаткандыгын кошумчалады.

«Ишемби күнкүгө салыштырмалуу кырдаал көзөмөлгө алынды. Көлөмү боюнча өтө чоң иштер аткарылып жатат - БЧКдан [Чоң Чүй каналынан] баштап Токтогул көчөсүнө чейин дарыянын нугу тазаланууда», – деди аким.

Анын айтымында, тазалоо иштерине 600дөй киши тартылган: мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери.

Окуяга күбө болгон Наталья буга мамлекет күнөлүү деп эсептейт, айтымында, дарыя тоодон келип жаткан таштар менен кумдан тазаланган эмес.

«Жайында дарыянын өзөнүн тазалашкан эмес. Суук түшүп,  катмар-катмар муз пайда болду, анан ишемби күнү жээктен чыгып кетти», – деди ал.

Наталья кошумчалагандай, алар суу каптап баштаганда акимиатка телефон чалышкан, бирок ал жерден «бардыгы көзөмөлдө» деген жооп алышкан.

Ала-Арча дарыясы 15-декабрда эртең менен ташып, жээкке чыгып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, анын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Рыскулов көчөсүндө жайгашкан жети турак-үйдү суу каптаган.

Ала-Арча дарыясы Бишкектин түштүгүнөн түндүгүнө чейин шаарды аралап өтөт

Мэрия 18-декабрда «өзгөчө кырдаалдар» режимин киргизди – Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын бүткүл жээктеринде күнү-түнү байкоо жүргүзүлүүдө.

Автор: Хлоя Гейне

Сүрөттүн авторлору: Светлана Зеленская жана Гүлжан Турдубаева